Никольская Ольга Викторовна
Көрүнүш
Никольская Ольга Викторовна (4. 10. 1948ж. туулган, Бишкек) – техника илимдеринин доктору (2000). КМУну бүтүргөн (1971). КР ИА ФИде инженер, кенже, улук илимий кызматкер, окумуштуу секретарь (1971–2000), 2001-жылдан КР УИАда чет элдик байланыштар боюнча директордун орун басары болуп иштеген. Тоо тек массивдеринин геомеханикасы боюнча адис. 80дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинен 9 монография жана 1 окуу куралы жарык көргөн. Эмгек: Геомеханика. Б., 1998; Геомеханика оползнеопасных склонов. Б., 1999.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7