Нима Юшиж نیما یوشیج

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Негизги аты-жөнү[оңдоо | булагын оңдоо]

Али Эсфандияри

Ишмердүүлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

Акын, жазуучу, адабий сынчы жана теоретик

Туулган жылы[оңдоо | булагын оңдоо]

12-ноябрь, 1895-жыл. Юш, Нур шаары, Мазандаран

Дүйнөдөн кайткан жылы[оңдоо | булагын оңдоо]

4-январь, 1960-жыл, Шемиран, Тегран

Жашаган жери[оңдоо | булагын оңдоо]

Юш, Тегеран, Астара

Сөөгү коюлган жер[оңдоо | булагын оңдоо]

Ыйык Абдулла Тегеран-кийин үйүнүн короосунда Юшта

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Али Эсфандияри кийинчерээк «Нима Юшиж» аты менен белгилүү болгон акын, жазуучу 1897-жылы 11-ноябрда Каспий тоо кыркаларындагы аймактардын бири Юш жергесинде жарык дүйнөгө келген. Ал 62 жыл өмүр сүргөн, анын өмүрү кыйынчылыкта өткөнүнө карабай миң жылдык иран поэзиясынын критерийлерин өзгөртпөстөн ыйык бойдон чагылдыра алган. Ал өзү төрөлүп өскөн айылындагы диний аалымдардан жазганды, окуганды гана үйрөнбөстөн, терең таалим-тарбия алган.

Мектептеги күндөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Нима 11 жашка чыкканда Тегеран шаарына көчүп келип, мектепке жанаша жайгашкан мечиттин маңдайындагы ижарага алынган ишкердүү конституционисттердин борболорунун биринде жашаган. Ал башында “Хайоте Жавид” атындагы мектепке барат, бир аз убакыт өткөн соң ошо кезде Тегеранда белгилүү болгон “Сен Луи” католиктер мектебине жиберилген. Мектепте окуп жүргөнүндө акын – Незам Вафонун колдоосу жана өтө маани берип кам көрүүсү аны ыр жазууга шыктанткан. Фарсы тилиндеги жаңы поэзиянын негизи “Афсане” аттуу чоң чыгарма Ниманын айтымында Незам Вафого арналган.

Чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ал биринчи ырын 23 жашында жазып баштаган жана “Бозомтук гессе” аттуу узун маснависин өзү бир балалык чыгарма деп атаган. 1898-жылы Нима Каржы министрлигинен иш менен камсыз болот жана эки жылдан кийин Кажар башкаруусуна каршы куралдуу күрөшкө умтулуу менен курал-жабдык даярдоого иш-аракеттерди жасаган. Ошол жылдары ал токой согушкерлери кыймылына кошулууну көздөп, бирок кийинчерээк андан баш тартат. Нима 1301-жылы ноябрь айында “Афсане” чыгармасын жазып, анын айрым бөлүктөрүн ХХ-кылымдын “Мирзаде Эшги” журналына басып чыгартат. 1305-жылы Жахангиржан Сурасарсафилинин жээни Алия Жахангириге баш кошот. 1317-жылы редколлегия музыка журналынын мүчөсү болуп калат. 1317-жылы редколлегия музыка журналынын мүчөсү болуп калат, “Садег Хедаят”, “Абад Альхосейни Нушин” жана “Мохамедрезо Хаштруди” лердин жанында пресс-релизге иштейт да “Карга” жана “Куш” деген эки ыр, “Актерлордун жашоосундагы сезимдердин мааниси” деген узун маснавини басып чыгарат. 1321-жылы уулу Шарогим жарык дүйнөгө келет, атасы өлгөндөн кийин уулу атасынын айрым досторунун жардамы аркылуу ырларынын кээ бирлерин чогултууга жана басып чыгарууга аракет кылган. Нима Юшиждин чыгармаларын бир канча бөлүккө бөлүүгө болот: баштапкысы Ниманын ырлары, ал мурунку кездеги чыгармалар менен иштешкен мезгилде жазган жана ошол жерден басып чыгарган бир канча макалалары, ал эми дагы бир бөлүмү Нимадан калган эскерүү каттар. Бул каттар көбүнчө досторго жана бир ойдогу адамдарга жазылган жана алардын кээ бирлери коомдук абалга жана ошол замандагы поэзияны талдоо, алардын ичинде мугалими Незам Вафого да жазган каты да бар. Ниманын чыгармалары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: “Аныктама, эскертүү жана башка жазмалар”, “Аңгемелер жана аскердин үй-бүлөсү”, “Менин ырым”, “Мэнли и Саннивейл үйү”, “Башка кыйкырыктар жана жөргөмүш түсү”, “Сынган бал челек” беш кыска окуяларды камтыйт, “Сүйүү каттары” жана башкалар.

Өмүрүнүн акыркы күндөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул улуу жазуучунун жашоосунун аягында, катуу оорусунун себебинен улам кургак учук менен ооруй турганы билинген жана дарылануу үчүн Тегеранга келген бирок дарылануудан жакшы майнап чыккан эмес, 1338-жылы 13-мартта перс поэзиясындагы жаңы жол баштоочу Нима Юшинин өмүрү биротоло өчтү. Анын сөөгүн 1372-жылы анын макулдугу менен сөөгүн төрөлгөн жери Юшка алып келип, үйүнүн короосуна жерге беришкен.

Белгилүү дүйнөлүк акын жазуучулар Нима Юшиж жөнүндө[оңдоо | булагын оңдоо]

Дагы бир лирикалык акын Саид Акбари Миожафари поэзиянын жалпы агымына Ниманын зор таасири мазмундун бөлүмүндө каралганын айтып, мындай дейт: Анын “Жаңы поэзиясы” заманбап акындар үчүн жаңы жолду ачып берди. Чындыгында, бул доордун пайда болушу менен азыркыга чейин колдонулбаган мейкиндиктин абдан чоң агымы жана тематикалар адабий дүйнөгө чабуул жасаган чындыгында ага Ниманын бүткүл поэзиянын агымына болгон көз карашы таасир калтырганын айтпай коюу мүмкүн эмес. Бул көз караштан улам акындардын айланасындагы бардык объекттер поэзияга дүйнөсүнө кирүүгө мүмкун. Нима жана анын тарапкерлерини поэзиясынын мурункулар менен болгон айырмасы, чынында аны эки тарап тең перспективдүү деген ойдо болгонунда. Нима доктор Руже Лесконун айтымында европалыктар үчүн өзгөчө француз тилдүүлөргө таанымал адам. Буга кошумча ирандыктар Ниманын кээ бир ырларын француз тилине которушкан, бир топ француз иран таануучулары да анын ырларын которуп сынга алышкан. Доктор Хасан Хармандани, Роджер Леско, Махлальский, А. Босаниге окшогон салыштырмалуу адабият жаатында иштеген профессорлор ишенишкен, анткени Нима француз тилин жакшы билген, анткени француз ырларынын көбүнчөсү европа поэзиясынын таасири астында эмеспи. Алардын ою боюнча Верлан, Рэмбо жана өзгөчө Мигармадай символикалык ырлар пайда болгондо натыйжасыз калган эмес. Нима Юшиж Францияда чыгыш тилдер мектебинде иран таануу боюнча профессор катары курд тилинен сабак берип, Садек Хедаяттын “Сокур үкү” чыгармасынын негизги котормочусу профессор Роджер Леско Ниманын “Афсане” чыгармасын которуп жогорку деңгээлде көрсөткөн жана ага киришүүдө ал чыгарманы мактап, Ниманын заманбап перс поэзиясында баалуулугун, нын маанилүүлүгүн көрсөтүү үчүн анын жашоосун чыгармачылыгын изилдеп чыккан, ошондой эле Ниманы заманбап перс поэзиясынын жаны кыймылынын уюштуруучусу катары тааныштырган. Доктор Руде “Афсане” чыгармасын которуудагы кирүүшүсүндө жазган макаласында төмөндөгүдөй деген: “Азаттык” ыры символизм мектебинин жетишкендиктеринин бири болгон Верлан, Рембо жана башкалар аркылуу негизделген, көптөгөн акын жазуучуларды өзү менен бирге алып жүргөн Нима Юшиж дагы француз адабиятынан шыктануу менен илхом алган. Азаттык ырынын максаты бул-акын музыкага жана сөзгө канчалык көп укук берсе ошончолук эски тартиптин негиздеринен алыстайт. Чындыгында, бул стилде музыканын балуулугу жана ырдын обону биринчи даражада турат. Бул ырда уйкаштык белгилүү бир аралыкта эмес, бирок акындын каалоосу боюнча жана музыкалык үзүндүлөрдгө шайкеш келген жеринен көрүнөт, “Жаңы ыр” чыгармасы француз тилиндеги уйкаштык көп кездешкен ыр деген. Бул аныктамалар толугу менен Ниманын мүнөзүнө жана стилине дал келет.

Нима Юшиж чыгармачылыктагы бир канча кызыктуу маалыматтар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Нима бир канча муундагы көрүнүктүү француз акындарынын тажырыйбасын перс поэзиясында бекемдөөгө аракет кылган.
  • Нима дүйнөнүн аябай өнүккөн поэзияларынын катарында болгон бирок акыркы бир канча кылымдарда иши кайталанып келген байыркы перс поэзиясын дүйнөлүк поэзия менен бириктире алган жана перс поезиясын дагы бир жолу дүйнөлүк поэзиянын үй-бүлөсүнөн орун алдырды.
  • Нима көрүнүктүү француз поэттеринин ар түрдүү кээде карама-каршы пикирлерин бир жерге чогултуп алардан перс поэзиясынын кызыкчылыгына пайда алып келе алган.
  • Нима тил илими жагынан перс поэзиясынын талантын оңдогон жана ирандыктарды жергиликтүү айлампа сөздөрдү колдонуу менен учурдагы тилди пайдаланууну өз жерине жайылткан.
  • Нима тилдин көбүн эскирүүдөн сактап калуу үчүн колдонулуучу фарсы сүйлөмдөрүн, терминдерин жана кайталанган анык адабий тармактарды четке койгон, ошондой эле байыркы фарсы поэзиясынын тили бир гана жумшак жана белгилүү мистикалык, эмоцияналдык абалды түшүндүрүүгө жөндөмдүү болгон, бүгүнкү күндөгү заманбап инсандардын тынчсызданууларын, чыдамсыздыктарын, сактанууларын билдирүү мүмкүнчүлүгүн колго алды. Ошентип “статикалык жана эскилиги жеткен” поэзиялык тил “динамикалык жана жандуу” тилге айланды.
  • Нима Малармедей эң таза маанини примитивдүү сөздөр менен берген. Ал учурдагы сөздөрдү жөнөкөй жана күнүмдүк мааниден алып салган ошондой эле Малармедей поэзияны сөздүн керемет күчүнө салыштырмалуу толук жана туруктуу деп аныктаган.
  • Нима Верландай элестетүү жана фантазияны поэзияда туу чокуга жеткирген, ал эми поэзияны ой жүгүртүүнүн негизинде эмес элестетүүдөн жана кыялдануунудан алган.
  • Нима поэзиянын салмагын баса белгилеген. Ал салмакты акындын түшүнүгү жана сезимдери үчүн ылайыктуу жабуу деп билген.

Юшка саякат[оңдоо | булагын оңдоо]

Башталышы миң кайрылыш жолдон башталган ийри-буйру жолдордон өткөндөн кийин Юш айылына жеттик, кооздугу жана табияты көздүн жоосун алып суктантпай койууга мүмкун эмес. Нима ушу жерде акын болуп, алдына ала тандалган ырлардын миң стилин оош-кыйыш кылган. Кара өрүк, жаңгак жана башка мөмө дарактарына толгон эски бакчалардын бардык көчөлөрүн аралап, акыры Нима Юшиджинин үйүнө жеттик, көчөсү таза таш төшөлгөн, анын астынан суу агып жатыптыр жана адамдардын тунук жашоосунан жагымдуу музыка чарчаган жүргүнчүлөрдүн кулагына угулду. Эски күндөрдөгү жашоонун гүлдөп тургандыгын чагылдырган кооз үй. Үйдүн короосу абдан кооз жана ортосунда Ниманын күмбөзү жайгашкан, короонун айланасы бири-биринен көрүнүктүү, кооз жана эски сүрөттөргө толо болгон. =Нима Юшиждин мурас каты: 1335-жыл, 28-июнь, дүйшөмбү күнү кечинде.= Бул кечте, ушу туруксуз түйшүк менен атактуулугум төмөн жана жакыр болуп бара жатканы чынында эле кейиштүү деп ойлодум. Доктор Хосейнге бир сыр жазып, аны менин мурасым кылып калтырайын деп чечтим, ошентип менин табитиме каршы болсо дагы менден кийин менин иштериме доктор Мохаммад Моинден башка эч ким кол тийгизгенге акысы жок. Доктор Мохаммад Моин менин иштеримди улантууга толук акысы бар, ошону менен бирге доктор Абу аль-Гасам аны менен чогу болуусу шарт. Бирок эч ким мени колдонуп ыр чыгарууга акысы жок. Доктор Мохаммад Моин илимге жана билимге чынчыл болсо менин чыгармачыл иштериме бир коз жүгүртөөр. Аны азыркыга чейин көрбөсөмда көргөндөймүн. Эгер диний шарият боюнча өз балама жоопкер болсом, менин ырларымды жаман көрсө да доктор Мохаммад Моин көзөмөлдөп жоопкер болот деген ойдомун.

шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]