Нимранг
Нимранг - кеч бышуучу жүзүм сорту.
Сабагы жоон чыгат. Жалбырагы мала жашыл, жылмакай. Шицгиха чоң. Мөмөсү ири, сүйрү, кыйгыл дамдуу. Түшүмү орточо; жакшы тандашканда мол түшүм алынат. Нимранг Кыргызстанда жүзүмчүлүк зонасында өрөөн менен тоо этегинде өстүрүлөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.