Нитриттер

Википедия дан

Нитриттер – азоттуу – нитрит к-танын НNО2 туздары, түссүз кристаллдар, нитраттарга караганда жогорку темп-рага туруксузураак. Н. ысытканда ажырайт:

2AgNO2 =AgNO 3+Ag+ NO

Н. Бардыгы сууда жакшы эришет. Кээ бир Н. аммиак эритмесинде эрийт, LiNO2·2Н2О башка нитриттер баары спиртте начар эришет. Н. окистендиргич да, калыбына келтиргичтик да касиеттерин көрсөтүшөт. Күчтүү окистендиргичтер (КМnО4, Н2О2, О3 жана башка) начар кычкыл чөйрөдө Н. нитраттарга чейин окистендирет. Щелочтуу чөйрөдө Н. аммиакка чейин калыбына келет (калыбына келтиргичтер: Н2S, Девард куймасы, Zn жана башка),

NaNO2+ 3Zn + 2NaOH + 2H2O = NH3+ + 3NaHZnO2

Начар кычкыл же нейтралдуу чөйрөдө Н. NO чейин калыбына келет (калыбына келтиргичтер: Fe2+, Ti3+, I-, H2S ) Н. NO жана NO2 аралашмасын оксидге жана гидроксидге таасир этүүдөн жана нитраттар калыбына келтирүүдөн алынат (калыбына келтиргичтер: Pb, CaSO3, PbS + CaO жана башка); NaNO3+ Pb = PbO + NaNO2 Н. боёк алууда жана медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]