Нитрозобирикмелер
Көрүнүш
("Нитрозобирикмелер —" барагынан багытталды)
Нитрозобирикмелер — кемүртек атому менен түздөн түз, байланышкан ни-трозотобу — N=O бар органикалык бирикмелер. Мисалы, нитрозобензол С 6Н5-N=О, три-фторнитрозометан СF3N=О жана башка Н. реакцияга өтө активдүү. Окистенүүдөн тиешелүү нитробирикмеге, калыбы-на келүүдөн аминге же гидроксиламинге өтөт. Диен углеводороду менен 1,4 кошулуу реакциясына кирет. Алифаттык Н. аминдер жана М-алкилгидроксил-аминдер окистенүү реакциясынан, ароматтык Н. — ароматтык бирикмелерди нитроздоо реакциясынан алы-нат. Н. боёктор, аминкислоталарды, гетероциклдик бирикмелер синтездөөдө, алифаттык фтордуу Н. жогорку темп-рага чыдамдуу каучуктарды алууда, ошондой эле органикалык синтезде аралык зат катарында жана аналитикалык реагент катары колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6