Нитроэфирлер

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Нитроэфирлер (органикалык  нитраттар) – көмүртек атому менен байланышкан – ОNО 2 тобу бар бирикмелер; азот к-тасы менен спирттер, углеводдор татаал эфирлери. Н. аталышы алардын мол-ларынын органикалык  бөлүгүнүн аталышына “нитрат” мүчөсүн кошуу менен түзүлөт, мисалы, метилнитрат, диэтиленгликолдинитрат, целлюлоза нитраты жана башка. Техникада бүгүнкү күнгө чейин Н. атоодо “нитро” мүчөсү колдонулат (мисалы нитроглицерин, нитроцеллюлоза). Нитрат тобунун санына жараша моно-, ди- жана полинитроэфирлерге бөлүнөт Н. көбүрөөк мүнөздүү болгон реакциялар бири спиртти жана НNО 3 пайда кылуучу гидролиз реакция эсептелет. К-талар, өзгөчө щелочтор катышуусунда гидролиз ылдамдыгы кескин жогорулайт. Щелочтор спирттеги эритмелери Н. тез ажыратат. Концентрацияланган күкүрт к-тасы менен Н. аракеттенишкенде сульфоэфирлер пайда болот.

RОNО2+Н2SО4

 RОSО3Н+ НNО3

Көпчүлүк Н. күйүүгө (абадагы кычкылтек катышуусунда) жана жарылууга жөндөмдүү, мындай касиет алардын курамында активдүү кычкылтек канчалык көп болсо, ошончолук жогорулайт. Н. алуунун негизги ыкмалары – алгачкы заттар (спирттер, углеводдор) HNО3 к-тасы жана Н2SO4 күкүрт к-тасы менен же уксус альдегидинин катышуусунда этерификациялоо.

RОН+НNО3 ®RОNО2+Н2О.

Н. өнөр жайда алуунун бардык методдору жогорку реакцияга негизделген. Лаб-яда Н. алуу үчүн галоген органикалык  бирикмелер күмүш нитраты менен болгон реакциясы колдонулат: 

RJ+АgNО3®RОNО2+АgJ

Кээ бир Н. кубаттуу жарылгыч заттар. Ал эми кээ бирлери – нитроглицерин, диэтиленгликолдинитрат жана нитрогликоль- ө. ж-лык жарылгыч заттар курамына кирет. Бул максатта Н. өндүрүү жылына жүздөгөн миң т түзөт. Н. башка максатта колдонулушу чектелүү. Н. өндүрүү-жарылуу коркунучу бар химимялык  өндүрүштүн бири. Н. сактоодо, ташууда жана колдонууда жарылуу коркунучу абдан жогору. Ошондуктан алар менен иштөө катуу көзөмөлгө алынат, ал эми нитроглицерин, нитрогликоль сыяктуу Н. транспорттого кээ бир мамлекеттерде тыюу салынган. Көпчүлүк Н. физиологиялык активдүүлүккө ээ. Буулары менен дем алуу же алардын териге, өзгөчө тамак синирүүчү органдарга түшүшү, жүрөк согушун тездетет, башты ооруутуп, катуу ууланууга алып келиши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]