Ничке кум кени
Ничке кум кени Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Токтогул шаарчасынан 9 км батышта, Ничке суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1020 м бийиктикте. 1971-ж. Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы тарабынан геол. чалгындоо жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында неоген–төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмө тектери жатат. Кум узундугу 1,5 км, калыңдыгы 10 мге чейинки катмарды түзөт. Ири бүртүкчөлүү (0,6 ммден кесек бөлүкчөлөрү басымдуу), негизинен кварц, талаа шпатынан турат. Арасында 10%ке чейин майда шагыл кездешет. Чаң 6%, слюда 2,6%ке чейин, органикалык кошунду жок. Көлөмдүк массасы 1,53–1,59 г/м3. Технологиялык касиети боюнча кумду "200" маркадагы бетонго жана курулуш ылайына пайдаланса болот. Бирок, адегенде кумду жууп, иргеп алуу сунуш кылынат. Запасы А+В категориясы боюнча 1093 миң м3, С1– 1484 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7