Манас Ниязов

Википедия дан
Ниязов Манас‎»‎ барагынан багытталды)
Көк бөрү
Манас Ниязов
Жалпы маалымат
Туулган датасы

27 -апрель 1993(1993-04-27) (30 жаш)

Туулган жери

Дөң-Булак, Өзгөн району, Ош облусу , Кыргызстан

Жарандыгы

 Кыргызстан

Бою

182 см

Салмагы

83 кг

Милдети

Чабуулчу

Аргымагы

Кулунду

Командасы тууралуу маалымат
Командасы

Кыргызстан Достук

Номуру

10

Карьерасы

Манас Ниязов (төр. 27-апрель, 1993, Дөң-Булак, Өзгөн району, Ош облусу) — Кыргызстандын көк бөрү боюнча спортчусу. Ош облусунун атынан мелдештерге катышып келген, "Достук" командасынын оюнчусу. Минген аргымагы "Бойка".2016-жылы 9-майда болгон оюнда «Мыкты чабуулчу», Нооруз майрамында «Мыкты оюнчу», II дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында «Мыкты чабуулчу» аталган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толук аты-жөнү Ниязов Манас Токтогулович 1993-жылы 27-апрелде Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепке чейин ата-энесинин колунда болуп, мектеп жашы жеткенде ошол эле айылдын орто мектебине 2000-жылдын 1-сентябрында кабыл алынган жана ошол эле мектепти кийинчерээк 2011-жылы 25-майында аяктайт. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн эн кичүүсү болгон. Манастын 4 агасы жана 2 эжеси бар, азыркы учурда үй-бүлөөлү жана жубайы менен баласына татыктуу тарбия берип келе жатат. Кыргыз улуттук оюнун эң белгилүүсү болуп саналган көк бөрү оюнуна болгон Манас Ниязовдун бул өзгөчө кызыгуусунун, жана сүйүүсүнүн негизги себеби бул анын көк бөрүчүлөр династиясында жарык дүйнөгө келгени. Айта кетсек атасы Ниязов Токтогул Кыргыз Республикасынын түштүк жергесинде кээңири таралып, абдан кызуу тамашага айланган аламан улак (торпок улак) оюнунда атагы чыккан балбандардын бири болгон. Өз сөзүндө Ниязов Токтогул "-Мен СССР убагында софхоздун жылкысын кайтарып иштегем, өмүр бою жылкы жандыгына жакын өстүм, ошол себептен өзүм да балдарым да улак тартып калды. Мен жаштыгымда абдан жакшы улак тартчумун бирок бул аламан улак оюну топтошуп 2-3төн болуп биригип ойногондо ийгиликке жете турган оюн болгондуктан, көп учурда жалгыз болгонум үчүн жардам бергени бир тууганым же бир жакыным жок болгондуктан, колум келбей оюнум жүрбөй калчу, ошол себептен болсо керек кудайдан тилеген эң башкы тилегимдин бири балдарым батыраак чоңоюп мага улакта жардам беришсе жана улакты биргеликте тартсак деп көп кудайдан тилегенмин. Кийинчерээк менин жашым өткөндө балам Ниязов Жаныш улакты жакшы тарта баштады бирок ал да ошол учурда инилери кичине болгондугунан улакта жардам бергени кишиси болбой өксүп калган күндөрү көп болду, андан кийин Ниязов Байыш деген балам улак тартып баштап Жаныш агасына шерик болуп, биргелешип жакшы ийгиликтерге жетишти. Андан көп өтпөй Ниязов Кыяз анан Ниязов Баяман деген балдарым улак тартып агаларына жардам берип улак тартып келе жатышат. Ал эми кенже балам Ниязов Манас агаларынын оюнун көрүп абдан кызыгып ал да улак тартып кетти." - деп эскерип өттү. Ниязов Манастын бул деңгээлге жетишине үй бүлөсүнүн абдан чон салымы бар экендигин улакчы Манас Ниязов өзү көп жолу айтып өткөн. Ошондой эле ал өзүнүн агаларын абдан күчтүү балбан, жоон билек улакчы жана ошол эле убакта адамдык сыпаты эң жогору адамдар экендигин жана алардын ар бири улакчыга акыл айтып туура тарбия берип, тура жолго баштаган устаттары экенин айткан. Манас Ниязовдун алгачкы жетишкендиктери өзүнүн айылынан аламан улак тартуу менен башталып, 2011-жылы улакчы өзүнүн карьерасын командалык оюндарда, ошол кездеги атактуу командалардын бири болгон "Кожомкул рассвет" командасында баштаган. Манасты "Кожомкул Рассвет" командасына ошол кезде дал ушул командада оюн көргөзүп жүргөн улакчынын агалары Ниязов Байыш жана Кыяздын сунушу менен келип "Амадор" атту аргымак менен оюн көргөзө баштайт. Улакчынын эскерүүсү боюнча бул окуя мындай болгон "-Агаларым Байыш жана Кыяз ошол учурда "Кожомкул Рассвет" командасында оюн көргөзчү, мен да аларга окшоп ушул командада оюн көргөзүп келип жүрчү, ошентип бир күнү алар мени "Кожомкул Рассвет" командасынын жетикчиси Бөкөнбаев Индусбеке алып барышты, ошол учурда улак тартам деп келген мага окшогон балдар көп болчу, ошондуктан ал мени оюнумду көрүп командага алышын айты. Ошентип машыгуу жана сыноо оюнунун күнү белгиленип, мени "Амадор" деген атка олтургузуп ушул атты башкарып ойноп кетсең командага киресин деп айтышкан. Сыноо оюну башталганга бираз убакыт калганда агаларым келип "-Манас иним сени Манас болуп көк бөрү дүйнөсүндө мындан ары таанылып өсүшүңө ушул күн маанилүү болот, жакшы ойно"- деп өздөрүнүн жакшы сөздөрүн айтып мага дем күч, ак батасын беришип оюнга чыгарышкан эле, кудайым буюруп оюнум жакшы жүрүп командага алындым" дейт улакчы. "Кожомкул Рассвет" командасында 3-жыл чабуулчу жана коргоочу милдетин аткарып оюн көргөзүп жүрдү, бул жыл аралыгында Казахстанда өткөн 2012-жылдагы чемпионатта командасы менен бирге мыкты оюн көргөзүп экинчи орунга ээ болушкан. 2014-жылда белгисиз себептер менен "Кожомкул Рассвет" командасы тарап кеткендигине байланыштуу Ош областынын атынан түзүлгөн "Достук" командасында "Амадор" аргымагы менен оюн көргөзүп баштаган. 10-номурда оюн көргөзгөн бул жаш жана абдан шамдагай оюнчу тез эле көк бөрү сүйүүчүлөрүнүн сүймөнчүгүнө айланып, "Достук" командасынын оюнун жүргүзө турган алдынкы оюнчуга айланды.

Карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]