Мазмунга өтүү

Новаторлук

Википедия — ачык энциклопедия

Новаторлук – алдынкы үлгүлүү жазуучунун адабиятка мазмун жана көркөмдүк жагынан киргизген, жараткан жаңылыгы, көркөм ачылышы же табылгасы. Новаторлук салттуулук менентыгыз байланыштуу. Жаңычылык мурдагы адабий салттарды танып, жокко чыгарбайт, тескерисинче, ага таянат, жаңы шартка ылайык өздөштүрөт. Новаторлук түшүнүгү жеке жазуучунун же жеке бир конкреттүү мезгилдеги адабияттын өнүгүшү менен тыгыз байланышта каралат. Кыргыз адабиятында новаторлук маселеси баарынан мурда орус жана дүйнөлүк классиктердин адабий тажрыйбаларын өздөштүрүүгө тыгыз байланыштуу. Кыргыз поэзиясындагы новаторлуктун үлгүсү катары А. Осмоновдун чыгармачылыгын көрсөтүүгө болот. Акын элдик поэзиянын алдынкы үлгүлөрүнө жанадүйнөлүк поэзиянын салттарына таянуу мененбирге, өзүнүн оригиналдуу чыгармаларын жараткан. Анын ырлары өзүнүн образ түзүлүшү, строфалык өлчөмдөрү боюнча сөзсүз новаторлук мүнөзгө ээ. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз адабиятын аңгеме, повесть, роман жанрын новаторлук тилкеге алып чыкты. Жазуучунун «Бетме-бет», «Жамийла», «Саманчынын жолу», «Биринчи мугалим» сыяктуу аңгеме, повесттери сюжетте берилген окуялардын драмалуулугу, мүнөздөрдүн, каармандардын кыска, так сүрөттөлүшү, чыгарманын жалпы «аянты» чакан келип, кеңири турмуштук көрүнүштөрдүн даана, терең ачып берилгендиги менен кыргыз прозасындагы өткөн кылымдын 60-жылдарындагы новаторлук көрүнүш катары мүнөздөсө болот. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы изденүү пафосу анын «Гүлсарат», «Ак кеме», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повесттери, «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Кассандра тамгасы» романдарынан да көрүүгө болот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]