Ногоев Өмүр
Көрүнүш
Ногоев Өмүр (15. 10. 1927, Суусамыр өрөөнү, 1-Май кыштагы -30. 8. 2008, ошол эле жер) - элге билим берүүнүн отличниги (1968), эмгектин жана согуштун ардагери.
- Нарын шаарындагы педагогикалык орто окуу жайын бүтүргөн.
- Эмгек жолун 1942-ж. өзү 8-класста окуп жүрүп, башталгыч класстарга мугалим болуп баштаган.
- 1948-50-жылдары мектептин директору.
- 1968-жылдын 26-мартында Кыргыз ССРиндеги мугалимдердин съездине делегат болгон.
- 1979-81-жылдары окуу-тарбия башчысы.
- «Эмгектеги каармандыгы үчүн» (1946), Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 50 жылдык (1995), Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалдары жана 1973-ж. «Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү» төш белгиси менен сыйланган.
- 1953-ж. айылдык кеңештин депутаты болуп шайланган.
- Токтогон уруусунан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9