Ногойбаева Алтынай
Ногойбаева Алтынай Уз. 1938-ж. Жумгал районундагы Багашан айылында төрөлгөн.
Бишкектеги медициналык окуу жайын, кыз-келиндер институтунун филология факультетин бүтүргөн. Ооруканада, райондук элдик театрда директор, Чаектеги Мидин Алыбаев атындагы, Москва орто мектептеринде мугалим болуп иштеген. Алтынай апасы Маасымканова Кенженин уздук нускасын алган. Алтынай элдик маанайдагы көркөм өнөрдүн оюм-чийимдерин көркөмдөөдө «табак оюм», «жүрөк оюм», «бадам оюм» өңдүүлөрдү пайдаланат. Тушка тартууга ылайыкталган (узундугу 2 ж 20 см, туурасы 1 м 80 см) шырдакка тынчтыктын символу болгон көгүчкөн оюмду тиктештирип, төрт бурчуна музыка арфасынын сөлөкөтүн түшүргөн. «Жүрөк оюму» эки бөлүнүп түшүрүлүп, анын жээги эч качан үзүлбөйт. Оюмчу көп нерсени чечмелейт. Мисалы, бөлөк түшкөн көркөм оюмунун бир жибин ак, экинчисин сары түс басат. Демек, ак жип - ак тилек, сары - кусалык, сагыныч. Ал эми жээгиндеги оюмдун үзүлбөгөнү - жүрөк жүрөккө дайым тартылып турганы. Көгүчкөндөрдү көгүш менен басып, канаттарынын тарамдарын майда шыруу аркылуу да түшүрөт. Төрт бурчуна чок салып, килем катары тушка тартууга ылайыктайт. Ала кийиздин бетин жалпы кара кылып, үстүнө ачылган, ачылып келе жаткан, жаңы түйүлгөн гүлдү жалбырагы менен түшүргөн. Ал кадимки табият көрүнүшүн элестетет. Ушундай эле ыкма менен эни тайкы жолго төшөгүч да жасаган. Алтынайдын жасаган буюм-тайымдарында жасалма-колдонмо өнөрүнүн профессионалдык бөтөнчөлүктөрүнө умтулуусу сезилет. Мында уз «табак оюмун» буюм белек-бечкектерине өзөк кылып алат. Элдик оюмдарды өз бетинче, деңгээлине жеткире, турмушту чагылдырган оюм-көчөттөрдү арбын берип, буюмдун көркөмдүк каражаттарын баютууга өбөлгө түзүүдө.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1974-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 50 жылдыгына карата кыргыздын колдонмо өнөрүнүн областтык көргөзмөсү. Кийиз буюмдары үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы; 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык I кароо-сынагы». Шырдагы үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1984 ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы»; 1985 ж. Колдонмо жасалга буюмдары үчүн СССРдин ЭЧЖКнүн коло медалы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0