Нойондор

Википедия дан

Нойондор (моңголчо ноён – князь, бек деген мааниде) – орто кылымдардан 20-кылымга чейин моңголдордун коомундагы социалдык катмар. 11– 12-кылымда ак сөөк адамдардын тукуму катары саналса, 12-кылымдын 2-жарымынан феодалдаша баштаган өзүнчө топ, 13–14-кылымда накта феодал, феодалдык бытырандуулук мезгилинде (14–17-кылым) өз алдынча, көз карандысыз ээликтердин кожоюнуна айланышкан. Манжурлардын (к. Маньчжоу-Го) тушунда (17-кылымдан 20-кылымдын башына чейин) саясий укуктан ажыратылган мамлекеттиккызматкерлер катары саналып калган. Н. өзгөчө Чыңгызхандын мезгилинде күч алып, бийлик тепкичинде ханзаадалардан (көбөгөн) кийинки орунду ээлешкен. Аскер кызматындагыларга (түмөн башы, миң башы, жүз башы) да Н-дун даражасы берилип, ал оозеки түрүндө же атайын белги («пайцза») мененбекитилген. 2007-жылы 1-сентябрда Хук-Хото автономиялуу районун административдик борборунда акыркы нойондун (Чыңгызхандын тукумунун 34-мууну) өлгөнүн КЭРдин ММКсы атайын жарыялаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]