Ноокен

Википедия дан
Ноокен, Ноокен району‎»‎ барагынан багытталды)

Ноокен, Ноокен району, Коминтерн (фарсы тилдеринде ноу – жаңы, кен, кент – кыштак, шаар маанилерин берет; жаңы кыштак) – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Ноокен айыл аймагына караштуу. Масы суусунун өйүз-бүйүзүндө, деңиз деңгээлинен 615 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кышаарынан 5 км батыш тарапта. Облустун борбору жана темир жол бекети Жалал-Абад шаарынан 50 км. Калкы 2859 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мадабият үйү, ФАП бар. Эки май чыгаруучу цех, 2 ак жуаз, 3 тегирмен, машина оңдоочу жай иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]