Нормандия-Неман

Википедия дан

Нормандия-Неман (фр. Normandie-Niemen) — экинчи дүйн. согушта (193545) 1-аба армиясынын 303-авиац. дивизиясынын составында 1943—45-ж. совет-герман фронтунда «Салгылашып жаткан Франция» деген ат менен согушкан 1- өзүнчө истребителдик авиация полкунун ылакап аты.

Эскадрильянын өздүк составы СССРге 1942-ж. 28- ноябрда келип, 1943-ж. мартта согушка кирген. 1943-ж. 5-июлда полк бо­луп түзүлгөн. Литваны бошотууда жанa Неман д-нан өтүүдө артыкчылыгы үчүн ага «Неман» полку деген ардак наам берилген. 194345-ж. франц. учкучтар 5 миңден ашуун согуштук учуш жасап, душмандын 273 самолётун талкалаган, 80 самолётуна зыян келтирген. Полк сов. жанa франц. ордендер, медаль (франц.) менен сыйланган.

Учкучтар М. Альбер, Р. де ла Пуап, Ж. Андре жанa М. Лефевр (өлгөндөн кийин) Сов. Союз. Баатыры болушкан. 1956-ж. Москвадагы мурдагы франц. аскер миссиясына со­гушта курман болгон франц. 42 учкучтун аты жазылган мемориал так­та орнотулган.

1964-ж. Москвадагы Введенский көрүстөнүндө «Нормандия-Неман» полкунун белгисиз учкучуна эстелик коюлган. Францияда «Нормандия-Неман» полку­нун ветеран учкучтарынын ассоциациясы, «Нормандия-Неман» авиация бөлүгү, СССРде «Нормандия-Неман» ветеран техниктеринин совети бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.