Нормандия десант операциясы (1944)

Википедия дан

Нормандия десант операциясы (1944), «Оверлорд» – 2-дүйнөлүк согушта 1944-жылы 6-июнь – 31-августта америкалык-англиялык аскерлердин Нормандияда (Түндүк-Батыш Франция) жүргүзүлгөн операциясы; Европада экинчи фронттун ачылышы. Ага америкалык 1-армия, англиялык 2-армия (21армия тобу), 6 миңден ашуун кеме, 11 миң самолёт, 2 миллион876 миң киши катышкан. Десант Нормандиянын Омаха, Меч, Юнона, Золото, Юта пляждарына түшүрүлгөн. Биринчи эшелондо 8 дивизия болуп, 6-июнда 1 с 30 миндан саат 2ге чейин Кан жана Карантан аймактарына үч аба-десант дивизиясы түшүрүлгөн. 6-июнь күнү кечинде союздаштар 3 плацдармды ээлеп, деңиз аркылуу 5 дивизия, 1 бронетанкалуу бригада түшүргөн. Алар түшүрүлөрдөн мурда 3 с 14 минда авиац. кол салуу башталып, 5 с 50 минда кеме артиллериясы ок атууга киришкен. 12-июнда америкалык-англиялык аскерлер 80 км аралыкта согушуп, душманды 10–17 кмге чегиндирген. Бул салгылашта 16 дивизияга фашисттердин 12 дивизиясы каршы турган. Июлдун башында ал плацдармга 1 млндой адам жеткирилген; бул учурда плацдармды ээлеп, душманды 30–50 кмге чегиндирген. Бул жылыш планда белгиленгенден 2 эсе аз болгон. Бирок аба салгылашында америкалык-англиялык авиация үстөмдүк кылган. Нормандия десант операциясынын жүрүшүндө америкалык-англиялык аскерлердин ийгиликке жетишине советтик аскерлердин Карел мойногунда, Беларуссияда жана Батыш Украинада баштаган операциялары, ошондой эле француздардын каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан күчтөрдүн активдүү чыгуулары көмөк берген. Нормандия десант операциясынан кийин Париж бошотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]