Норма (тилдик норма)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Норма (тилдик норма) – тилдик системанын коомдук пикир алышуу процессинде иргелип-тескелип алынган жана коомчулук тарабынан калыпка салынган туруктуу традициялык элемент-каражаттарынын регулярдуу колдонулушу.

Норма туруктуу жана бир тартипке салынган тилдик каражаттардын жана коом тарабынан аң-сезимдүү түрдө туура деп эсептелип кабыл алынган колдонуунун эреже-талаптарынын (кодификация) биримдиги катары улуттук доордогу адабий тилдин өзгөчө белгиси болуп саналат. Айрым көзкараштар боюнча ал деги эле тилдик өнүгүүнүн бардык этаптарына мүнөздүү атрибуту катары да аныкталат да, кеңири мааниде да колдонулат. Ошондуктан тил илиминде тилдик системанын нормасы жана тилдик структуранын нормасы деген түшүнүктөр белгилүү даражада айрым-айрым иштелип каралып жүрөт.

Норма кубулуш катары бир эле учурда таза лингвистикалык жана социалдык-тарыхый категория болуп саналат. Норманы социалдык-тарыхый аспектиде караганда, алды менен, тилдик өнүгүүнүн конкреттүү тарыхый-социалдык шартына жараша Нормадагы ар кандай өзгөрүүлөр, ошого жараша тилдик тигил же бул кубулушту, көрүнүштү Норма деп эсептөө, Норма катары кабылдоо, ошону менен эле катар тилдик тигил же бул кубулушту туура-туура эмес, ыктуу-ыксыз, мыкты-начар, туура келет-туура келбейт, көркөм-көркөм эмес деген сымал баалоо-нарктоо (акциологиялык аспект) тандап-иргөө зарылчылыгы келип чыгат. Ал эми таза лингвистикалык аспектиде караганда Норма эки жагдайда эске алынат: биринчиден, Норма тилде реалдуу колдонулуп жүргөн лексема, сөз формалары, синтаксистик конструкциялардын жалпы жыйындысы, жалпы көрүнүшү; экинчиден, Норма тилдик каражат-бирдиктерди тандап, иргеп-илгөө жана колдонуу эрежелеринин жалпы жыйындысы. Бул экинчи аспектиде Норма кодификация менен маанилеш болуп калат.

Норманын туруктуулугу (стабильность) – анын негизги белгилеринин бири. Бирок Норманын туруктуулугу салыштырмалуу гана, Норма табиятынан кыймылдуу. Бул тилдик каражаттардагы варианттуулуктун сакталышы, колдонулушу, бир эле ойду ар кыл варианттар, синонимдик каражаттар аркылуу берүү мүмкүнчүлүгү менен шартталган. Демек, варианттуулук дагы туруктуулук сыяктуу эле Норманын бир белгиси боло алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Тилде реалдуу колдонулуп жүргөн каражат-бирдиктер менен адабий Норманын ортосунда, албетте, белгилүү өлчөмдө айырмачылык, шайкеш келбестик болот. Бул коомдук өнүгүүнүн тарыхый шарттары, социалдык структурасы, тилдик жагдайдын өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу. Алсак, коомдогу жалпы билим берүүнүн, маданий өнүгүүнүн, массалык маалыматтын таасир этүү деңгээли, коомдук-саясий кырдаал, коомдук жоопкерчилик маданияты ж.б.у.с. жагдайлар кеп ишмердигине, кептин маданияттуулугуна, нормативдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет да, адабий Норманын бир эле учурда туруктуулугун жана варианттуулугун камсыз кылат.

Норманын негизги типтерине тилдин оозеки жана жазуу формаларынын Нормасы; тилди колдонуунун функционалдык-стилдик Нормасы; адабий тилдин аймактык-улуттук варианттары болсо, аймактык Нормасы. Адабий тилдин Нормасынын бул үч тибинин биринчи экөө кыргыз адабий тилинин Нормасына мүнөздүү болсо, үчүнчү тиби (англ.ис тилинин америкалык, (англ.иялык варианттарынын Нормаларына мүнөздүү.

Тилдик тигил же бул кубулушту, каражат-бирдикти Нормага жатат, Нормативдүү деп таанууга негиз болуучу төрт жагдайды эске алышыбыз керек: биринчиден, ал тилдик системанын өнүмдүү моделине дал келип, тилдик структурада кеңири колдонулушу зарыл; экинчиден, кеп ишмердигинде ал кеңири жана үзгүлтүксүз (регулярдуу) айтылып турушу зарыл; үчүнчүдөн, ал жалпы коомчулук тарабынан нормативдүү көрүнүш катары кабылданышы, белгилениши жана эсептелиши зарыл; төртүнчүдөн, жалпы коомчулук тарабынан нормативдүү делип, кабыл алынган факт, каражат, сөзсүз түрдө, кодификацияланышы зарыл.

Арийне, Норманын өнүгүшү жана калыптанышы стихиялык жана аң-сезимдүү таасир этүү процесстери менен шартталган. Ошондуктан адабий Н.-ны грамматикаларда, справочниктерде, сөздүктөрдө кодификациялоо тилдин өзүндөгү өзгөчөлүктөргө жана ошол өзгөрүүгө учураган каражаттарды аныктап баалоого, аларды колдонууга жараша жаңыланып, улам такталып турууга тийиш. Ансыз тилдик өнүгүүнүн элементтери менен Нормадагы төп, шайкеш келбөөчүлүк, ажырым көбөйө бериши ыктымал. Буга стихиялык жана аң-сезимдүү таасир этүү факторлорунун да ролу чоң. Маселен, тилдин жазуу формасына, б.а. орфографиялануу Нормасына жогоруда биз айткан эки фактор тең күчтүү таасир этет, мында лингвистикалык негизге караганда субъективдүү негиз көбүрөөк колдонулуп кеткен учурлар кездешет. Туура да, туура эмес да кодификацияланып калган жагдайлар арбын учурайт. Бүгүнкү күндө адабий тилдин оозеки Нормасы менен жазуу Нормасын жакындатуу тенденциясы күч алып жатканы байкалат. Бул – тил дегендин өзү айтылган, оозеки берилген кубулуш экендигине, жазуу анын графикалык гана белгилениши экендигине көбүрөөк басым коюлуп жатышы менен түшүндүрүлөт.

Норма түшүнүгү тилдин өзү сыяктуу эле эң байыркы түшүнүктөрдөн экендигине карабай, 20-кылымдын орто ченинде гана лингвистикалык түшүнүк катары илимий-теориялык негизде талкууга алынып, адабий тил, кеп маданияты проблемаларынын алкагында атайын изилдене баштады.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4