Носинов Өмүраалы
Носинов Өмүраалы [1912, Пржевальск уезди, Челпек айылы – 27. 10. 1964, Пржевальск (азыркы Каракол) шаары] – советтик-партиялык кызматкер. 1931-жылы Колхоз кооперациялык техникумун бүтүргөн. Рыбачье (азыркы Балыкчы) шаарындагы «Райколхозсоюзунда» инструктор, Балыкчы, Кант, Кызыл-Жар, Жумгал райкомунда секретарь (1931–37), Жумгал токой чарбасынын директору (1937–38), Тянь-Шань округдук аткомунда төраганын орун басары (1938–39), партиянын Ат-Башы, Тогуз-Торо, Кочкор, Нарын райкомдорунун 1-катчысы (1940–45), Тянь-Шань Облусттук аткомунун төрагасы (1946), Ысык-Көл Облусттук аткомунда төраганын орун басары (1946–53), партиянын Покровка (1953–58), Жети-Өгүз райкомдорунун 1-катчысы (1959–61), Пржевальск шаардык кийим тигүү фабрикасынын директору (1961–64) болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда айыл чарб аиштерин уюштурууда зор эмгек сиңирген. Носинов жетектеген мезгилде Кочкор району 900 миң сом акчалай, 600 миң сом облигация, Нарын району «Кыргызстан колхозчусу» деген танк колоннасынын курулушуна 1 254 миң сом жыйнап, 2 жолу И. В. Сталиндин алкыш катына татыктуу болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты (1955–63). Ленин, 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7