Нурбек Эсенгазы уулу
Нурбек Эсенгазы уулу
| |
| Жарандыгы: | |
|---|---|
| Кесиби: |
актёр |
| Карьерасы: |
2000 — а. у. |
| IMDb: | |

Нурбек Эсенгазы уулу — кыргызстандык театр жана кино актёру, эл аралык деңгээлде «Ала качуу» (2020) аттуу кыска метраждуу тасмадагы башкы антагонист — Дайырбектин ролу менен белгилүү. Бул тасма Швейцария жана Кыргызстандын кызматташтыгынын алкагында тартылып, кеңири таанылып, Оскар сыйлыгынын «Эң мыкты кыска метраждуу көркөм тасма» номинациясына көрсөтүлгөн[1].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын алдыңкы актёру катары ондогон жаркын ролдорду жараткан.
"Чехов" - атындагы эл аралык театр фестивалы: Туганлык[2], Науруз, "Түркия мамлекетиндеги XXXV эл аралык театр фестивалы" жана "V эл аралык Малтепе театр фестиваля" сыяктуу бир катар эл аралык фестивалдарга катышып келген.
Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Түштүк Корея менен болгон маданий кызматташтык долбоорлорунда активдүү иш алып барып, Кыргызстандын маданиятын эл аралык деңгээлде таанытууга салым кошуп келет.
Чыгармачылык ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Театр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры:
- «Алтын жөжө» (автору: Владимир Орлов, режиссёру: Э. Ибрагимова) — Жөжө
- «Көчкү» (автору: Тунжер Жүженоглу, реж.: Э. Ибрагимова) — Периште
- «Талант жана тагдыр» (автору: Жаныш Кулмамбетов, реж.: А. Сарлыкбеков) — Бакендин күйөөсү
- «Келиндер козголоңу» (автору: Назым Хикмет, реж.: Э. Ибрагимова) — Кенже уул
- «Жертөлөнүн периштелери» (автору: Л. Разумовская, реж.: Э. Чалабаев) — Рома
- «Мойдодыр» (автору: Корней Чуковский, реж.: Э. Ибрагимова) — Кир бала
- «Биринчи мугалим» — (автору: Чыңгыз Айтматов, реж.: К. Касенов) — 1-окуучу
- «Жамийла» (автору: Чыңгыз Айтматов, реж.: Ж. Исакова) — Сейит
- «Премьерадан кийинки фуршет» (автору: Валентин Красногоров, реж.: М. Мамбетов) — Лодовико (режиссёр)
- «Эки мырзанын кызматчысы» (автору: Жан Батист Мольер, реж.: М. Мамбетов) — Труффальдино
- «Метродогу окуя» (автору: Никалас Баэр, реж.: Э. Чалабаев) — Коннорс
- «Письма-самолётики» (автору: Эрик-Эммануэль Шмитт, реж.: А. Качкынбек кызы) — Артур
- «Мата Хари» (автору: С. Батыркулова, реж.: Ш. Дыйканбаев) — Бийчи жана азгыруучу
- «Өкүнүч» (автору: А. Абдыгулова, реж.: Э. Чалабаев) — Максат
- «Жат эмесмин» (автору: Л. Молдалиева, реж.: У. Карыпбаев) — НКВД офицери
- «Капас» (автору: Н. Баэр, реж.: Э. Чалабаев) — Бек
- «Элес» (автору: А. Абдыгулова, реж.: Н. Мамбетова) — Апый
- «Арабаев – жети күн» (реж.: Н. Мендебаиров) — Жусуп Абдрахманов жана Хафиз Сарсекеев
- «Маугли» (автору: Р. Киплинг, реж.: Эркин Эгембердиев) — Маугли
- «Ромео жана Жульетта» (У. Шекспир, Тунгуч жаштар театры, реж.: Н. Мендебаиров) — Меркуцио
- «Кыл өпүрө» (автору: Г. Алиева, реж.: Ж. Исакова) — Бомж жана кенже уул
Кинодогу ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Чак түштө түшкөн чагылган» (реж.: М. Мамбетов) — Аскер (2014)
- «Сынчылар» (реж.: Т. Жекшенбай уулу) — Петьканын атасы (2014)
- «Легенды» (реж.: М. Мамбетов) — Жергиликтүү жигит (2014)
- «Абысындар» (реж.: М. Мамбетов) — Тёма (2015)
- «Шаардык келин» (реж.: Ы. Жоомартова) — Курьер (2016)
- «Мегатой» (реж.: С. Откеев) — Айгак (2018)
- «Намаз»(реж.: Рамис Жакшылыков) — Аман (2020)
- «Ала качуу» (реж.: Мария Брендель) — Дайырбек (2020)[3]
- «Пацанские истории» (реж.: Нурсултан Жумабеков) — Айылдык жигит (2021–2022)
- «Жаштык жаңылат» (реж.: Алексей Юнусов, Шайыр Касмалиева) — Арслан (2022)
- «Бошетунмай» (реж.: Амантур Ормук) — Наркобарон (2023)
- «Однажды в Самарканде» (реж.: Найзабек Сыдыков) — Мыкы (2025)[4]
- «Быйтыктар» — Үн коштоо
- «Карек» — Үн коштоо
- «Амантай жана Айтуяк» — Үн коштоо
Эл аралык долбоорлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Нурбек Эсенгазы уулу бир катар эл аралык театр жана кино долбоорлоруна катышып, Кыргызстандын маданиятын дүйнөгө таанытууда активдүү роль ойноп келет.
- Чехов атындагы театр фестиваля — Эл аралык фестивалга катышып, анын сахнадагы ишмердиги жогорку баалаган[5].
- Түркия, Казакстан жана Өзбекстан менен кызматташтык — 4 өлкө менен биргеликте коюлган кино жана театр долбоорлоруна катышып, Борбор Азиядагы маданий алакаларды чыңдоого салым кошкон.
- Түштүк Корея менен кызматташтык — Маданий алмашуу долбоорлору аркылуу Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы чыгармачыл байланыштарды өнүктүрүүгө катышкан.
- «Семетей» спектакли — Эл аралык деңгээлде көрсөтүлгөн бул спектаклде Исмаилдин ролун аткарган[6].
Сыйлыктары жана наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ашыралы Боталиев атындагы сыйлыктын лауреаты —Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлер союзунун сыйлыгы (2019)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ыраазычылык каты — Маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн (2021)
- Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ардак грамотасы (2020)
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ыраазычылык каты — Улуттук маданий борбор тарабынан берилген (2021)
- Маданият министрлигинин ыраазычылык каты (2022)
- Марат Козукеев атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты — Театр ишмерлер союзунун сыйлыгы (2023)
- Кыргыз Республикасынын Маданиятынын мыкты кызматкери (2024)
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Review: 2021 Oscar-Nominated Short Films (2022). cinemasight.com. Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2025.
- ↑ Победитель Международного фестиваля тюркоязычных театров «Туганлык» в номинации. vk.com. Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2025.
- ↑ Ala Kachuu – Take and Run. IMDb. Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2025.
- ↑ "Однажды в Самарканде": фильм, который объединяет Центральную Азию. Вечерний Бишкек. Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2025.
- ↑ По мотивам произведений Эрика-Эмманюэля Шмитта «Оскар и Розовая Дама» и «Мсье Ибрагим и цветы Корана» Письма-Самолётики Театральная постановка о детстве, смерти, жизни и мечтах. chekhovfest.ru. Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2025.
- ↑ Semetey – The Qualities of a Hero. 2024 ACC Kyrgyz National Theater International Collaboration Trial Performance. Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2025.
