Нурдөөлөтов, Калмурат

Википедия дан
Нурдөөлөтов Калмурат

Нурдөөлөтов Калмурат (1902, Ак-Талаа району, Ак-Кыя айылы — 1961, ошол эле жер) — обончу, комузчу.
1932-ж. "Тобок" кошчу артелине кирген.
1936— 41-ж. Кыргыз филармониясында артист. 1939-ж. кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасына катышкан.
1941—43-ж. Ата Мекендик согушка катышып, колунан майып болуп келгендиктен, комуз чертүүгө жарабай, 1943—53-ж. колхоздо башкарманын төрагасы, катчысы болуп иштеген.
"Кеңтешитек","Кичине эльф" хоралы, "Койчу" деген ырлары пластинкага жазылган. Көп обондору сакталбай калган. "Курманбек". "Жаныш Байыш" дастандарын да айткан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.