Мазмунга өтүү

Нурлануу агымы

Википедия — ачык энциклопедия

Нурлануу агымы – термелүү мезгилинен узагыраак убакыт ичиндеги нурлануунун орточо кубаттуулугу; кандайдыр бет аркылуу убакыт бирдиги ичинде электр-магниттик толкундарды тараткан энергия менен мүнөздөлөт.

Нурлануу агымынын чоңдугу анын тандалбаган кабыл алуу нурлануусуна болгон аракети боюнча өлчөнөт. Нурлануунун толук агымы анын жутулуу аракети боюнча кабылдаткычтын нурлануунун абсолюттук кара нерсе түрүндө жутуусу боюнча өлчөнөт. Редукцияланган Нурлануу агымы – спектрдик-тандоочу кабылдагычка нурлануудан келип чыккан кубаттуулук. Редукцияланган Нурлануу агымы атайы бирдиктерде туюнтулат: жарык агымы (Ф) – көзгө таасир этүүчү агым; фото нурлануу – фотоматериалдарга таасир этүүчү агым ж. б. Энергиялык Нурлануу агымынын негизги бирдиги – Вт, жарык агымыныкы – лм. Бул бирдиктердин байланышы жарыктын механикалык эквиваленти деп аталат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]