Нурманбетов Марал
Көрүнүш
Нурманбетов Марал (1909, Сумсар айылы - 2001, Айры-Там айылы) - айыл чарба тармагынын көрүнүктүү ишмери. Алгачкы билимди «Ликбезден» алып, сабатсыздыгын жойгондон кийин, Бишкектеги жетекчилерди даярдоочу 6 айлык жана 1 жылдык курстарды бүткөн.
- 1930-36-жылдары Сумсарда комсомол ячейкасынын катчысы,
- 1937-42-жылдары «КызылКетмен» колхозунда башкарманын төрагасы,
- 1942-44-жылдары Сумсар айылдык кеңешинин төрагасы,
- 1944-18-жылдары «Бирлешкен» колхозунун,
- 1948-51-жылдары Сумсар айылдык кеңешиндеги «Жумушчу-дыйкан» колхозунун башкармасынын төрагасы,
- 1951-73-жылдары 1-Май айылдык кеңешинин төрагасы,
- 1-Май колхозунун кой товар фермасынын башчысы жана талаачылык боюнча бригадири болуп иштеген.
- «Ардак белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6