Нурмат уста
Нурмат уста (Туулган, өлгөн жылдары белгисиз) Таластын Үр марал аймагынан чыгып, илгерки Суран устанын таалимин алган. Айрыкча жыгаччылыкка арбын узанган.
Курандылап чапкан сүйрүбаш ээри Таластын аяк-башына бирдей таралган. Анын ээри беш бөлүктөн (чарасы, кашы, акыреги) туруп, аларды жалпы бириктирген. Жыгачты мезгил тандабай кыйып, чаап, табы менен кургаткан. Ээр чабуучу негизги куралы аталгы керки болуп саналган. Ал өз өмүрүндө эки жүздөй ээр чапкан. Ал сузгу, кашык, табак, аяк, чөйчөк, челек сыяктуу кырма идиштеринин чыгаан чебери аталган. Анын жекече узануу ыкмалары өз учурунда иликтенип-изилденип жазылбай калган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0