Нур уулу Досбол
Көрүнүш
Нур уулу Досбол (26. 4. 1948-жылы туулган, Тажикстан, Шураб шаары) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1993). 1971-жылы КМУну бүтүргөн. 1972– 95-жылы Кыргыз ССР УИАда кенже, улук, жетектөөчү илимий кызматкер, бөлүм башчы, 1995–2005-жылыКР ЖКда кеңешчи, 2005– 07-жылы КРдин Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри, 2007–08-жылы КР Өкмөтүндө вице-премьер министр, 2008–09-жылы КРдин Мамлекеттик катчысы, 2009–10-жылы Ж. Баласагуни атындагы КУУнун ректору болуп иштеген. КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты (1995–2000). Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Эмгектери негизинен Кыргызстан айыл-чарбасынын тарыхый-экономикалык маселелерин изилдөөгө арналган. 100дөн ашык илимий эмгектин автору.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7