1. Нухту коомуна: «Сен элиңе оорутуучу азап келе электе эскерткин!», – деп жибердик.
2. Ал элине мындай деди: «Оо элим, мен силерге ачык эскертүүчүмүн.
3. Аллага гана ибадат кылгыла, анан Андан корккула, жана мага баш ийгиле».
4. «[1]Ал силердин күнөөңөрдү кечирет да өмүрүңөрдү[2] белгиүү мөөнөткө чейин улантат. Эгерде силер билсеңер: Алланын мөөнөтү[3] келген кезде ал артка кечиктирилбейт. О, эгерде силер ушуну билгениңердеби!»
5. [4]Айтты: «О менин Эгем, мен элимди түнү-күнү Сага чакырдым»
6. «Бирок менин чакырыгым аларды ого бетер алыстатты[5]».
7. «Чындыгында Сен алардын күнөөсүн кечирүүң үчүн, аларды чакырганымда[6] ар бир учурда алар кулактарын манжалары менен тосушуп, кийимдери менен чүмкөнүшүп, көгөрүп, текеберленишти».
8. «Анан мен ачык-айкын[7] чакырдым».
9. «Андан кийин мен аларды ачык да, жашыруун да чакырдым[8]».
10. Мен айттым: «Эгеңерден кечирим сурагыла. Анткени Ал – Кечиримдүү».
12. «Ал силерди мал-дүйнө, балдар менен кубаттуу кылат. Жана да силер үчүн бакчаларды[10] жана дарыйаларды[11] жаратат».
13. «Эмне үчүн силер Алланы улуктоону ойлонбойсуңар?»
14. «Чындыгында Ал – силерди ар түрдүү баскычтарда[12] жараткан – Алла».
15. «Алла жети кабат асманды кантип кабат-кабат (кылып) жаратканын көрбөй жатасыңарбы?»
16. «Айды алардын[13] ичинен нур чачуучу, күндү жарык берүүчү кылып койду».
17. «Алла силерди жерден өсүмдүктөй өстүрдү[14]».
18. «Андан соң кайра ага[15] кайтарып, кийин кайра чыгарат[16]».
19. «Алла Жерди силер үчүн килем кылып төшөп койду»,
20. «силердин кенен жолдор менен басып жүрүүңөр үчүн».
21. Нух айтты: «Оо, менин Эгем! Алар мага каршы чыгып, байлыктарын жана балдарын ээрчүүдө зыйандарын гана арттырды».
22. «Алар абдан чоң куулук кылышты».
23. Жана алар: «өз кудайларыңарды: Вадды[17], Суваны[18], Йагусту[19], Йаукту[20] жана Насрды[21] таштабагыла!» – дешти.
24. «Алар көп адамдарды туура жолдон адаштырышты. Ал заалымдарга адашууну гана арттыргын».
25. Алар[22] өз күнөөлөрү үчүн[23] чөктүрүлүп, Тозокко ыргытылды. Алар Алладан башка жардамчы табышкан жок.
26. Жана Нух мындай деди: «Эгем, жер жүзүндө бир да каапыр калтырба!
27. Анткени, эгер Сен аларды калтырсаң, Сенин кулдарыңды адаштырып, алардан бузукулар жана каапырлар гана туулат.
28. Эгем! Мени, ата-энемди, менин үйүмө ыйманы менен киргендерди, момун эркектер менен момун айалдарды кечире көр. Заалымдарга[24] жалаң жок болууну арттыргын».