Обертондор
Обертондор (нем. oberton - бийик тон, бийик добуш) - белгилүү бир үндүн негизги бийиктигинен жогору чыккан музыкалык кошумча добуш тилкелери, тыбыштар.
Үйлөмө музыкалык аспаптардын ичине камалган аба, тартылган кыл термелген кезде табигый же гармоникалык деп аталган кошумча добуш тилкелери, тыбыштар пайда болот. Алар негизги тон менен кошулуп табигый добуш катарын түзүшөт. Бул катардагы термелүү бирдиги табигый 1: 2: 3: 5: ж. б. Гармоникалык Обертондорду угуу татаал. Себеби алар негизги тон, добуш менен кошулуп кетет. Обертондор добуш кооздугун, мүнөздүү өзгөчөлүгүн жаратууда негизги роль ойнойт. Аларды түрдүү ыкмалар (мис., пиццикато, флажолет ж. б.) менен күчөтүп угууга мүмкүндүк алуу муз, чыгарманын көркөмдүк каражатын арттырып, таасир берүү касиетин күчөтөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.