Облустук билим берүү башкармасы

Википедия дан
Областтык билим берүү башкармасы‎»‎ барагынан багытталды)

Облустук билим берүү башкармасы (ОБББ) — билим берүүнү башкаруунун аткаруучу-тескөөчү жана координациялоочу мамлекеттик органы катары билим берүү тармагын башкаруу органдарынын структурасына кирет. Кыргызстандын герби тартылган мамлекеттик жана официалдуу тилде жазылган мөөрү жана өз атында бланкы, банктык жана финансылык мекемелерде эсеп-кысабы бар юридикалык жак болуп эсептелет.

  • Областтык билим берүү башкармасы негизги маселелери областтын аймагында:
  • Жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим жаатында бирдиктүү мамл. саясатты ишке ашыруу;
  • Орто билимдин жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу;
  • Билимдин мамлекеттик стандарттарын киргизүү, жергиликтүү шартка ылайык окуу планынын регионалдык компонентин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • Жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери боюнча башкаруу органдарынын жана уюм-мекемелердин аракетин координациялоо;
  • Билим берүү мекемелеринин кадр жана материалдык-техникалык тарабынан камсыздалынышына көмөк көрсөтүү;

Областтык билим берүү башкармалыгы структурасына шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрү, областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту, областта жайгашкан мамлекеттик мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелер ж. б. кирет. ОБББ областтык мамлекеттик администрациясынын макулдугу менен Кыргыз Республиксынын Билим Министрлиги тарабынан дайындалган аким (начальник) жетектейт. Областагы билим берүү тармагынын өнүгүүсүнүн билим жана тарбия берүүнүн сапатын жакшыруу, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу орчундуу маселелерин кароо үчүн ОБББ коллегиясы түзүлөт. Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармасы ОБББ статусуна ээ.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004