Облигациянын чыгарылыш курсу

Википедия дан

Облигациянын чыгарылыш курсу - биринчи сатып алуучуларга эмитент аркылуу (аларды чыгарган мамлекет же акционердик коом) сатылган облигациянын баасы.

Бул көп учурда облигациянын номиналдык наркынан төмөн болуп калат. Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө облигациялык заемдор, адатта, эмитенттен чоң суммага сатып алуучуга жана аларды акча базарлары акырындап сатуучу ири банкттар жана банктык консорциумдар тарабынан жайгаштырылат. Эмитент заемдун жайгаштырылышына умтулуу аркылуу, облигацияларды банктарга өз баасынан арзаныраак сатат жана банктар облигациянын чыгарылышы менен базар курсунун айырмасынын өлчөмүндө утуш алып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9