Облигация наркы
Көрүнүш
Облигация наркы – мамлекеттик зайым облигациясынын сатуу жана сатып алуу баасы. Облигациянын шарттуу баасы чыгарууда белгиленип, мамлекеттик карызга чегерилет да, аны жоюу маалында облигация ээсине төлөнүп берилет. Эмиссия наркы – облигацияны банктарга сатуу баасы ошондой эле мамлекет тарабынан белгиленет. Иш жүзүндө эмиссия баасы шарттуу баадан төмөн болот. Облигациянын базар наркы (баасы) каржы базарындагы өтүмдүүлүгүнө жараша аныкталат жана биржа бюллетенине жарыяланат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7