Елена Образцова

Википедия дан
Образцова Елена Васильевна‎»‎ барагынан багытталды)
Елена Образцова

Образцова Елена Васильевна (7. 7. 1939-ж. туулган, Ленинград – 12.01.2015, Москва) – советтик ырчы (меццо-сопрано). СССР эл артисти (1976). 1964-ж. Ленинград консерваториясын бүткөн. Образцова – бардык регистрде бирдей чыккан кубаттуу, кооз үндүү артист. Көрүнүктүү партиялары: Марина Мнишек, Марфа (М. Мусоргский, «Борис Годунов», «Хованщина»), Амнерис, Эболи, Азучена (Ж. Верди, «Аида», «Дон Карлос», «Трубадур»), Кармен (Ж. Бизе, «Кармен»), Фрося (С. Прокофьев, «Семён Котко») ж. б. О-нын репертуарында П. Чайковский, М. Глинка, А. Даргомыжский, С. Рахманинов, Р. Шуман, И. Бах, Г. Генделдин камера-вокалдык чыгармалары бар. 1964-ж. Франция, Италия, Канада, Япония, Польша, Германия, АКШ ж. б. мамлекеттерде гастролдо болгон. Вокалисттердин Глинка атындагы Бүткүл союздук конкурсунда (1962), Чайковский атындагы Эл аралык 4-конкурста (1970), вокалисттердин Ф. Виньяс атындагы Эл аралык конкурсунда (Барселона, 1970) 1 сыйлыгын, Глинка атындагы РСФСР мамлекеттик сыйлыгын (1973), Лениндик сыйлыгын (1976) алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]