Обсервация

Википедия дан

Обсервация— карантиндик жугуштуу оорулар менен катнашкан адамдарды убактылуу бөлүп, медициналык байкоо жүргүзүү. Ал чума, холера, чечек жана башкалар ооруларда жүргүзүлөт. Аны санитария - эпидемиологиялык станциялар ишке ашырат. Обсервациянын узактыгы жугуштуу ооруңун инкубациялык (жашыруун) мезгилине жараша болот. Байкоого алынган кишилер ар дайым врачтын көзөмөлүндө болуп, керек болсо, лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлөт, алдын ала кан сары суусу, гамма-глобулин куюлат; алдын алуу үчүн эмдөө жасалат. Медициналык байкоого алынган адамдарга эмгекке жарамсыздык баракчасы берилет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8