Огуздар

Википедия дан

ОГУЗДАР – 6–8-кылымдарда Борбордук жана Орто Азияда жашап, түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын бирикмелери. 10–13-кылымдарда бир катар элдердин курамдарына жуурулушуп, айрым топторго ажырап кетишкен. Иликтөөлөрдүн басымдуу бөлүгү «ок + з» (ок – эл, - з мүчөсү көптүк маанини туюнтат) «эл», «элдер», «уруулар биримдиги» дегенди туюнтарын белгилешет. Огуздардын тарыхы Батыш Жетисуу менен байланыштуу. Айрым уламыштарда огуздардын бир ордосу Ысык-Көлдө жайгашкандыгы айтылат. 7-кылымдын башында түрк кагандыгынын курамында Тогуз-огуз бирикмеси пайда болгон. 9–10-кылымдарда Түштүк жана Батыш Казакстанда огуз эли калыптанып бүткөн. Огуз урууларынын курамына Сырдарыянын, Арал жана Каспий деңиздеринин бойлорун мекендеген байыркы этностук топтор, Жети – Суу, Сибирдин көчмөн жана чала көчмөн уруулары менен уруктары кирген. Махмуд Кашгаринин (11-к.) даректеринде огуздар алгач 24, кийин 22 уруудан куралганы айтылат. Алар боз-ок, үч-ок деген эки уруулук бирикмеге ажырашкан. Огуздардын уруулук курамы, эн тамгалары, ураандары Рашид ад-Диндин «Жами ат-Таварихинде»; тили, эн тамгалары боюнча маалыматтар Махмуд Кашгаринин «Диван лугат-ат түрк» аттуу эмгегинде да кенен чагылдырылган. Жогорудагыдай дуалдык уруулук ажырым системасы бүгүн-кү түркмөндөрдө сакталып калган. Санжыра боюнча огуздар Ай-хан, Күн-хан, Таг-хан, Деңиз-хандын балдарынан (баары 24 бала) тарашат. О-дын борбору Йаңыкент шаары болгон. 11-кылымдын башында огуздарды чыгыштан жер которгон кыпчактар каратып алган. Огуздардын бир бөлүгү түштүк орус талааларын, селжуктар башкарган ири бөлүгү Алдыңкы жана Кичи Азиянын элдерин каратып алышкан. Сырдарыя, Түштүк Каспий бойлорун мекендеген огуздар түркмөн, отурукташкан өзбек, Ирандын, Ирактын, Кавказдын, Азербайжандын түрк тилдүү элдеринин калыптанышында башкы ролду ойногон. Кыргыз-огуз этностук алакалары да орто кылымдардан тынымсыз жүрүп турган. Бул алакаларды урууурук, жер-суу аталыштарынан, уламыш-санжыралардан, «Манас» эпосунун маалыматтарынан байкоого болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.