Огуз наме
“Огуз – наме” (Огуз жөнүндө жомок), “Өгүз каган”,”Огуз каган” эпосу – тектеш түрк калктарынын баарына бирдей тиешелүү эпостук чыгарма. ”Огуз каган” жөнүндөгү дастан мурдатан эле эчендеген аалымдарды кызыктырып келген.
Дастандын алгачкы баяны 13-кылымда көөнө уйгур ариби менен катка алынган Рашид ад-Диндин атактуу “Жамаагат тарыхынан”, Абылгазынын “Түрк санжырасынан” ачык көрүнөт. Огуз каган жөнүндө санжыраларда, уламыш – легендаларда айтылат. Бул чыгармага көңүл буруу 18- кылымда эле башталат. Анын айрым үзүндүлөрүн немис окумуштуусу Ф.Дитц1915-жылы которот. Ошондон бери К.Бичурин, В.Радлов, А.Бернштам, А.Щербак, А.Кононовдор кайрылышкан.
Кийинки кездерде Огуз баянына кызыгуу жанданып, 1987- Рашид ад –Динге таандык “Огуз наменин” Стамбулда сакталып турган нускасы илимий жагынан жабдууланып Баку шаарында жарыяланды. 1988- жылы илимпоз маркум Кулмат Өмүралиевдин “Огуз кагандын тили” деген эмгеги жарык көрөт. О.э. 1989- жылы “Ала –Тоо” журналына азыркы кыргыз тилине салынган 42 түрмөктөн турган үзүндүсүн Ч. Өмүралиев жарыялады. Кийин акын Абдылда Карасарт уулу да “Огуз наменин” айрым жерлерин кыргызчалатып, 1994-жылы “Заман Кыргызстан” гезитине жарыялады.
“Огуз -наме” мифологиялык ары көркөм, ары тарыхый чыгарма. Бул чыгарма кара сөз жана проза түрүндө учкул, жорго сөздөр менен жазылган. Андагы негизги маселе – элдерди биримдикке, эрдикке, адамгерчиликке үндөө, калкты тышкы душманга каршы күрөшкө чакыруу.
Огуздар – байыркы, көөнө түрк урууларынын бири. Алар Сыр дарыясынын төмөнкү агымында жашаган, ири Жаңыкент өңдүү ордо шаарлары болгон. 10-кылымдарда алардын өзүнчө мамлекети болгон. Алар Киев русу менен мамиле- алакада болгон, аларга кошулуп Хазар кагандыгына каршы согушуп да көрүшөт. Кийин орустар менен кошулуп, Эдил жана Кама өзөндөрүнүн боюндагы булгарларга каршы күрөшүп, таш-талканын чыгарып жеңет. Мына ушундай Огуздардын жоокерлик турмушу – Огуз каган жөнүндөгү дастандын жаралышына негиз болгон.
Пайдаланылган адабияттар:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ж. Шериев.” Байыркы адабият тарыхы”