Мазмунга өтүү

Одесса коргонуусу

Википедия — ачык энциклопедия

Одесса коргонуусу — 1941-жылдын 5-августунан 16-октябрына чейин созулган өзүнчө Приморье аскеринин, Одесса согуш-деңиз базасынын, Кара деңиз флотунун шаар калкынын жардамы менен Одесса шаарын коргоо учун 4-румын аскерине каршы баатырдык салгылашы.

  • Немис-фа­шист аскерлери чоң жоготууларга учураса да, августтун башында Одес­саны кургактан курчоого алган. Айыгышкан салгылаш 73 күнгө созулуп, 9—10-октябрда душман акыркы жолу чабуулга өткөн, Одессаны коргоочулар чечкиндуу аракеттенип, душ­ман чабуулдарынын мизин кайтарган. 11-немис аскери Крымга кирип келген соң Кызыл аскерлер Жог. Башкы комапдованиенин буйругу боюнча 16-октябрга караган туну Одессаны калтырып, шаарды коргоочулар Крым­га эвакуацияланган. Коргонуучулар душмандын 160 миңден ашуун жоокерин, 200дөй учагын, 100дөй танкын жок кылып, Кызыл аскерлердин башка багыттагы согуштук аракетин жеңилдеткен.
  • Одесса коргонуусун даңазалоо учун СССР Жог. Советинин Презпдиумунун указы (1942-жылы 22-декабрь) менен «Одессаны коргогондугу учун» меда­лы белгиленип, 1965-жылы шаарга Баа­тыр шаар деген наам жана Ленин орден, «Алтын Жылдыз» медалы берилген.
  • 1964—1967-жылы Одесса коргонуусу өткөн чөктө «Даңктын жашыл кырчоосу» аттуу 10 монумент эстелик тургузулган.

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.