Ожукеева, Токон

Википедия дан

Ожукеева Токон (13.2.1952-ж. т., Жумгал району, Жаңы-Арык айылы) — тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1991), профессор (1995).
1975-ж. КМУнун тарых факультетин бүткөн.
1975—77-ж. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айылындагы мектепте мугалим, 1977—82-ж. М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде стажер-окутуучу, аспирант, 1982—96-ж. КМУУнун окутуучусу, улук окутуучусу, доценти, профессор, саясий илимдер кафедра башчысы, "Мамлекеттик кызмат жана политология" окуу борборунун директору, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясында Мамлекеттик кызмат жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн эксперти.
Ожукеева Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестация комиссиясынын эксперти, Демократиялык билим берүү борборунун аткаруучу директору милдеттерин да аткарат.
50дөн ашуун илимий эмгектери (анын ичинде 10 монография, жогорку окуу жайлары үчүн 5 окуу китеби, 3 энциклопедиялык сөздүк жана башка) бар.
Анын илимий изилдөөлөрү негизинен Кыргызстанда мамлекеттүүлүктүн өнүгүшүнө, Борбордук Азиядагы мамлекеттердин этно-саясий аймагынын калыптануу проблемаларына, андагы постсоветтик өлкөлөрдүн саясий модернизацияланышынын теориялык жана практикалык маселелерине жана башкаларга арналган. Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.