Озмо мeфта
Озмо мeфта, эркин жүрүү муфтасы – механикалык трансмиссиянын тетиги. Ал жетеленме вал кандайдыр бир себеп менен тез айлана баштаса, айлантма моментти жетеленме валдан жетекчөөчү валга берүүнү токтотот. Озмо мeфтаны алгач немис механиги О. Штивер ойлоп таап, 1903-ж. велосипедге пайдаланылган. Озмо мeфта велосипеддин кыймылга келтиргичинде колдонулат. Велосипед тээп бараткан адам педалды айлантканды токтоткондо, велосипед инерция менен жүрүү учурунда озмо мeфта иштеп, дөңгөлөктү педалдан ажыратат да, педаль айланбай калат. Жөнөкөй озмо мeфта биринин үстүнө бири кийгизилген эки шакектен турат. Сырткы шакектин бетине атайын оюк (ноо) жасалат. Ички шакекте пружинага кийгизилген шариктер же роликтер же сырткы шакекке таянган желекче жайгаштырылат. Шариктер пружинанын таасири менен бир багытта айланганда оюктан түртүлүп чыгып, эки шакектин ортосуна шынаа болуп, айланбай, ал эми артка айланганда ордуна келип, шакектер бир-бирине көз карандысыз айлангыдай жасалат. Озмо мeфта трактордун чиркегичтеринде, электр стартерлүү мотоциклде, велосипеддин арткы огунда, радио менен башкарылуучу автомоделдерде ж. б-да колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7