Ойалма флюорит кени

Википедия дан

Ойалма флюорит кени - Токтогул шаарчасынан 60 км түштүк-батыш тарапта, деңиз деңгээлинен 2200-2500 м бийиктикте жайгашкан.

Флюориттүү тулкулар ташкөмүр мезгилинин тектеринин арасында жатат. Алты тулкусу ачылып, аныкталган, анын үчөөнүн өнөр жайлык мааниси бар; линза сымал формада. Тулкулардын узундугу 15-160 м, орточо калыңдыгы 2-6,25 м. Флюорит көбүнчө калыңдыгы 1,5 жге жеткен туташ тарамчаларды түзөт. Тарамчафлюориттердин өңү сыя көк, көк; ири кристаллдуу күңүрт жалтырак. Кендин божомолдуу запасы 560 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5