Ойсул ата
Көрүнүш
Ойсул ата (ар. Вайс ал-Карани) – төөнүн пири, колдоочу ээси. Ойсул атанын чыныгы аты – олуя Султан Вайс Харани. Ал төө багып, төөнүн сырын жакшы билгендиктен, кербенчилердин таманы жараланган төөсүн заматта дарылап, кербен катарына кошкондугу, ошондон улам төөнүн пири, олуясы болуп калгандыгы, анын Кулжа, Белужстан жана Сейстандагы касиеттүү мазарларына кербенчилердин сыйына тургандыктары айтылат; Ойсул ата Азия элдеринин, ошондой эле кыргыздардын элдик оозеки чыгармаларында кездешкен диний жана мифологиялык түшүнүк.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7