Түлөбердиев Океш

Википедия дан
Океш Түлөбердиев‎»‎ барагынан багытталды)
Океш Түлөбердиев
Туулган датасы:

1904 жыл(1904)

Туулган жери:

Ак-Өлөң айлы, Тоң району, Ысык-Көл облусу

Жарандыгы:

СССР желеги СССР

Өлгөн датасы:

1972 жыл(1972)

Өлгөн жери:

Маман айлы, Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу

Сыйлыктары:
Социалисттик эмгектин баатыры
Социалисттик эмгектин баатыры
«Ленин» ордени
«Ленин» ордени
«Ленин» ордени
«Ленин» ордени

Түлөбердиев Океш (1904, Тоң району, Ак-Өлөң айлы — 1972, Ак-Суу району, Маман айлы) — колхоз өндүрүшүн уюштургандардан. Социалистик Эмгектин Баатыры (1957)[1].

1928—32-ж. Каракол шаарындагы ишканаларда жумушчу. 1932-жылдан КПСС мүчөсү.

1934-ж. Ак-Суу районундагы Зындан айыл кеңешинде төрага. 1941—43-ж. Советтик Армиянын катарында. Аскерден келгенден кийин Октябрь айыл кеңешинин, андан кийин «Жаңы Жылдыз» (Ак-Суу району) колхозунда башкарманын төрагасы болгон. Анын жетекчилиги менен чарбанын экономикасы чыңдалып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлугү жогорулаган, малдын саны менен продуктуулугу өскөн.

2 Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. Ысмы Каракол шаарынын жана айылдын көчөлөрүнүн бирине коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.