Мазмунга өтүү

Оксидоредуктазалар

Википедия — ачык энциклопедия

Оксидоредуктазалар – окистенүү-калыбына келүү реакциясын катализдөөчү ферменттер классы. Окистенүүчү тобунун мүнөзүнө жараша төмөнкүдөй классчаларга бөлүнөт: спирт, альдегид (же кетон) жана этилен тобуна таасир этүүчүлөр. Оксидоредуктазалар бардык тирүү клеткаларда болуп, аларды энергия менен камсыз кылууда (к. Биологиялык кычкылдануу) маанилүү роль ойнойт. Оксидоредуктазалардын негизги өкүлдөрү окистенүү механизмине жараша: дегидрогеназалар, оксидазалар, пероксидазалар ж. б. болуп айырмаланат. Эки жүздөн ашык оксидоредуктазалар белгилүү.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]