Оксфорд Университети

Википедия дан
Oxford-University-Circlet.svg

Оксфорд университети (англ. University of Oxford; расмий аталышы Оксфорддук университет же жөн эле Оксфорд) - Англиядагы Оксфорд шаарында жайгашкан коллегиалдуу изилдөө жогорку окуу жайы болуп саналат. Биринчи ачылышы боюнча эч кандай так маалымат жок, бирок 1096-жылдан баштап окутулуп келе жатканы далил. Бул университет англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдө байыркы университеттердин бири жана дүйнөдөгү байыркы университеттердин туруктуу иштеп келе жаткан экинчи жогорку жайы болуп саналат. [11 ] 1167-жылы Генри II англиялык студенттерге Париж Университине окууга тыюу салгандан баштап тез өнүгө баштаган. 1209-жылы студенттер менен Оксфорддогу элдин ортосундагы талаш-тартыштан кийин кээ бир илимпоздор түндүк-чыгыштан качып Кембриджге келип, ал жерге Кембридж университетин ачышкан. Көп учурда эки байыркы университетти "Оксбридж" деп дагы атап калышат.

Оксофрддо Rhodes Scholarship дүйнөдөгү байыркы жана кадыр-барктуу стипендиялардын бири пайда болгон, анын жардамы менен бир кылымдан ашуун бою студенттер стипендия алып окуп келишет. Бул университет байыркы университеттик музейди жана дүйнө жүзүндөгү эң чоң университеттик прессаны иштетет. Ал Улуу Британиядагы ири илимий китепкана системасы болуп эсептелинет. Оксфорддо 28 Nobel сыйлыктарынын ээлери, 27 Улуу Британиянын өкмөт министрлери, жана дүйнө жүзүндөгү мамлекет жана өкмөт башчылары, жана ошондой эле көптөгөн көрүнүктүү бүтүрүүчүлөрү билим алган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кампустары[оңдоо | булагын оңдоо]

Жетекчилиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]