Октябрь, Ак-Суу району

Wikipedia дан

Октябрь, Ак-Суу району, Маман – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Октябрь айыл аймагына караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгышында, Ак-Суу менен Каракол суусунун ортосундагы түздүктө, деңиз деңгээлинен 1693 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка кыштагынан 6 км түндүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 225 км. Калкы 1906 (2007); негизинен мал багат. Орто мектеп, 2 китепкана, медпункт, Маданият үйү бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]