Окутуунун жаңы технологияларын пайдалануу

Википедия дан

Мезгил өткөн сайын методикалык-теориялык илимдердин мазмуну өзгөрүп, илимий таанып-билүүнүн методдору өркүндөдү. Инсанга багыттап окутуу концепциясынын негизинде билим берүү системаларында вариативдүүлүк принциби күч алып, педагогикалык закон-ченемдерди модернизациялоого жана автордук окуу пландарын, программаларын түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Натыйжада педагогикалык технологиялардын жаңы идеяларын, табылгаларын жана жетишкендиктерин, инновациялык окутууну жана башка , окуу тарбия процесстеринде тажрыйбалоо мүмкүнчүлүктөрү турмушка ашырылды. Мындай өзгөрүүлөр билим берүүнүн баардык баскычтарында окутуунун өндүрүштүк эффективдүүлүгүн көрсөтүү менен окумуштуулардын изилдөө обьектисин түзүүдө.
Окутуунун жаңы технологиясы катары : программалык тестирлөө, модуль системасы интерактивдүү окутуу, сынчыл ойломду өстүрүү программасынын стратегиясы жана башкалар практикаланууда. Жогоруда белгиленген окутуунун жаңы технологиялары окуучулардын чыгармачыл жана интелектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу аркылуу аларды өзүн-өзү өнүктүрүү, ой жүгүртүүсүн өстүрүү, тарбиялоо, билгичтиктерин жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу максаттарын көздөп, окутуу технологиясынын мазмунун жана багыттарын бир топ оптималдаштырып жаңыртты. Булардын ичинен сынчыл ойломду өстүрүү программасынын стратегиялык методдору активдүү колдонулуп, мугалим менен окуучунун ишмердүүлүгүнүн , мамилелеринин стилин өзгөрүүгө дуушар кылды. "Сынчыл ойломду өстүрө турган окуу жана жазуу” программасы менен иштөөдө адис мугалимдин жетиштүү методикалык компетенттүүлүгү жана ээ болуучу натыйжаны, артыкчылыкты алдын ала көрө бтлүүсү зарылдыкты түзөт. “Демек, сынчыл ойломго окутуунун татталдыгы кайсы бир деңгээлде окуучуларга бизди курчап турган чексиз, көа түрдүү проблемаларды көрө билүүгө жардамдашууда турат” Ошондуктан, окутуунун технологиялык стратегияларынын ар бири тийиштүү даражадагы айкын максаттарга жетишүүнүн куралы болуп саналат. Бул стратегиялар мугалим тарабынан, мисалы төмөнкүдөй билгичтиктерди өнүктүрүү үчүн пайдаланышы мүмкүн. Окутуудагы жана турмуштагы маанилүү маселелерди чече билүү ишкердүүлүгү. Тексттеги негизги маани-маңыздык тилдик бирдиктерди бөлүп алуу билгичтиги.
Ал эми окуучуларда төмөндөгүдөй сапаттардын калыптанышы үчүн колдонулат. Топ ичинде биргелешкен үзүрлүү иш-аракеттик жөндөмдүүлүгү.
Маалымат булактары менен иштөөдөгү тактык, тыкандык.
Өз көз карашы менен тигил же бул фактыны түшүндүрө албаган, же акыл эске, логикага илимий далилдерге карма-каршы келген учурда анда баш тартууга жарамдуулук. Мындай дидактикалык, психологиялык закон-ченемдер окуучунун коммуникативдик ишмердүүлүгүн өстүрүүгө абдан ылайык кептин окутуу стратегиясын түзөт. Өзгөчө кыргыз тил сабактарында тилдик жана коммуникативдик билгичтиктердин зарылдыгын окуучулар изденүү, ой жүгүртүү түшүнүү менен колдоно билүүсүн камсыз кылуу жана кептик машыгуууларга ээ болуу жана башка анын негизги талаптары катары кабыл алынат. Ошондой эле окуучулардын коммуникативдик ишмердүүлүгү дискуссиялык жана диспуттук мүнөздө болуп, сөз байлыгын арттырууга стратегиялык стимул түзөт. Муну окутуунун жаңы технологиясы боюнча иштелген методикалык эмгектерде мындайча белгилейт. “ Билим пайдалуу болуп, концептуалдуу түрүндө өздөштүрүлгөндө гана баа болот” Демек стратегиялык методдордун моделдик потенциялдарын демонстрациялоо менен угуу, окуу сүйлөө, жазуу ишмердүүлүктөрдүн үлгүлөрү активдүү өздөштүрүлөт. Бул методдордун, моделдердин колдонулушу менен салт болуп калган калыбына келтирүү аркылуу билим алуудан же башкалардын идеясын өздөштүрүүдөн арылып, изденүү, эмгектенүү менен ой-жүгүртүп өз алдынча түшүнүүгө жетишет.
Ал эми мындай моделдик сабактын дидактикалык структуралары чакыруу, түшүнүү, жана ой жүгүртүү фазалары менен этаптарга ажыратылат да, ар бир фазада аткарылган коммуникативдиик иш-аракеттин натыйжасы чыгарылат.
Чакыруу - берилген тема боюнча түшүнүктөрдү окуучулар мурдагы алган билимдеринин негизинде эске салат. Бул биринчиден, окуучунун мурдагы билиминин деңгээлин текшерсе, экинчиден жаңы тема боюнча ойлонуу ишкердүүлүгүн активдештирет.
Түшүнүү - жаңы маалымат менен окуучулардын таанышуусу, башкача айтканда тексти окуу, же фильмди көрүү мугалимдин түшүндүрмөсү аркылуу жаңы теманын материалы тааныштырылат. Окуучуну баштапкы өзүнүн түшүнүгү менен текстти байланыштырат. Ошол эле учурда мурда билгенин, жаңы өздөштүргөнүн жана эмне билүү керек экендигин байкашат.
Ойлонуу - бул баскычта окуучулардын алган билимдери бышыкталып, материалды өздөштүрүүгө жана керектүү билимдерге ээ болот. Натыйжада түшүнүү, ойлонуу баскычтарынан өтүп, тема боюнча түшүндүргөндөрүн жолдошторунун алдында презентациялайт, логикалык мазмунду ачык айкын айтып берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз тил сабактарында байланыштуу кепти окутуу методикасы” Ош 2007