Окуу кинофильми
Көрүнүш
Окуу кинофильми – көрсөтмө курал катары колдонулуучу фильм. Окуу кинофильми мектептеги, жогорку жана орто окуу жайлардагы окуу программаларына, ошондой эле техникалык, технологиялык талаптарга ылайык көрсөтүлөт. Окуу кинофильми мугалимдин же алып баруучунун комментарийине негизделет жана көрсөтүү мөөнөтү да ушуга ылайыкталып белгиленет. Компьютер, ноутбук, DVD ж. б. заманбап техникалык каражаттары пайдалануу кеңири кулач жаюуда.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7