Окчонтой

Википедия дан

Окчонтой – ок-дары салынуучу баштыкча. Окчонтой булгаарыдан, кайыштан, шириден жапкактуу баштык түрүндө жасалып, курга 2–3 жеринен бекитилчү тайыз илгичтүү, бети оймо-чийме, жез, күмүш, алтын менен асемделип кооздолгон. Окылымдарыны төгүп же чачып албас үчүн окчонтойдун капкалдырыгы бөлөк жасалган. Капкалдырык окылымдарыны жаандан, кардан сактаган. Кыргыздар саадакты да окчонтой деп аташкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]