Окшуу

Википедия дан

Окшуукусуу алдында болуучу жагымсыз сезим. Окшуганда карындын тушу жана кулкун салмактанып, кысылат, оорулуу тынчсызданып алы кетет, өңү кубарып, башы айланат, тердеп, кан басымы төмөндөйт, карын секрециясы көп бөлүнүп, оозуна кара суу келет жана башкалар Ошондой сүйрү мээде жайгашкан кусуу борборунун дүүлүгүшүнө жараша болот. Бул борбор бир аз дүүлүксө адам окшуйт, өтө дүүлүккөндө кусат. Ошондой борбордук нерв системасынын функциясынын бузулушунун жана органикалык оорулардын (шакый, мээнин чайкалышы, менингит), мээдеги кан айлануунун бузулушунун көп байкалуучу белгиси; ошондой эле ууланганда да окшуйт.

Ар кандай боор, бөйрөк, тамак сиңирүү органдарынын катуу кармама жана өнөкөт ооруларында (тамактан уулануу, гастрит, гастроэнтероколит жана башкалар), айрыкча боор жана өт жолунун ооруларында рефлекстик Ошондой болот. Кээде башка белгилер менен катар Ошондой тез жардам талап кылуучу аппендицит, холецистит сыяктуу оорулардын алгачкы белгиси болушу мүмкүн. Аны себебине жараша басууга болот, нашатырь спиртин жыттатып, валидол таблеткасын оозго салуу жардам берет. Гастриттеги окшууда диета жана карынды тазалоо сунуш кылынат. Басылбаса врачка кайрылуу керек.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8