Ок жылан

Википедия дан
Ок жылан.

Ок жылан (Psammophis lineolatus) – суу жыландар тукумундагы сойлоочу жаныбар. Денеси ичке, Узундугу 90 смге жетет. Түрпүсү жылма. Түсү боз, жонунда узунунан кеткен 4 чийини бар. Оозу кичине, уулуу тиштери үстүнкү жаактарынын арт жагында жайгашкан. Ошондуктан анын уусу майда жаныбарларды ууландырат. Көбүнчө Борбордук жана Батыш Азияда таралган. Кыргызстанда Ысык-Көл ойдуңу, Чүй жана Фергана өрөөндөрүндөгү чөлдүү, чополуу, кумдак, таштуу, жапыз бадалдуу жерлерди мекендейт. Күн жылуу учурда (күндүз) активдүү келет. Күздө чээнге кирет. Көбү чээнден апрелде чыгат. 2–6 жумуртка тууйт. Курт-кумурска, майда кескелдирик жана чычкандар менен азыктанат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]