Олефиндер
Олефиндер, алкендер – ачык чынжырлуу, молекуласында бирден кош байланышы бар каныкпаган углеводороддордун гомология катары, жалпы формуласы СnH2n. Ациклдүү бирикмелерге кирет. Эң жөнөкөй өкүлү – этилен СH2=СH2, кээде алар этилен углеводороддору деп аталат. 18-кылымда этилен менен хлордун реакцияга киришинен май сыяктуу суюктук (дихлорэтан) алынган. Ошондуктан голландиялык окумуштуулар этиленди олефин, ал эми жалпы бул класска тиешелүү бирикмелерди олефиндер деп аташкан. Женева номенклатурасы боюнча олефиндердин аты тийиштүү каныккан углеводороддордун атындагы -ан мүчөсү -ен менен алмаштырылып, кош байланыштын орду сан менен көрсөтүлөт. Мисалы, этан этен, пропан→пропен, бутан→бутен–1 (СН=СН–СН2–СН3) жана бутен–2 (СН3–СН=СН–СН3). Ошондуктан аларга алкендер деген жалпы ат берилген. Бутенден баштап катарда структуралык изомерлер башталат. Физикалык касиети жагынан каныккан углеводороддордон айырмасы азыраак. С2Н4төн С4Н8ге чейинки олефиндер – газ. С18Н36га чейин – суюктук, андан кийинки өкүлдөрү – катуу заттар. Алар сууда эрибейт, углеводороддордо жана эфирде жакшы эрийт. Алкандардан айырмаланып, химиялык реакцияга активдүү кирет. Аларга кошуп алуу, полимерленүү реакциялары мүнөздүү. Олефиндер кош байланышына галогендерди, галогендүү суутектерди, сууну оңой кошуп алат. Окистендирүүдөн гликолдор (этиленгликоль ж. б.) пайда болот. Олефиндер оңой сополимерленет жана баалуу заттарды (полиолефиндер, полиэтилен, полиизобутилендер ж. б.) берет. Олефиндер – эл чарбасы үчүн керектүү заттарды алууда негизги баштапкы заттар. Ошондуктан алар көбүнчө синтез жолу менен, өнөр жайда алкандарды крекингдөө жана дегидрлөөдөн ж. б. жолдор менен алынат. Олефиндер нефтихимиялык синтезде, пластмасса, синтездик каучук, химиялык булалар ж. б. заттарды алууда кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7