Оман риалы
| Оман риалы (кырг.) | ||
|---|---|---|
|
Rial Omani (аңгл.) | ||
|
| ||
| Коддор жана белгилер | ||
| ISO 4217 коддору | OMR (512) | |
| Символдор | ر.ع. | |
| Аббревиатуралар | ﷼ • .ر.ع • RO | |
| Жүгүртүү чегарасы | ||
| Эмитент | ||
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | ||
| Бөлчөктүү | Байза (1⁄1 000) | |
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | ||
| Монеталар | 5, 10, 25, 50, 100 байза | |
| Банкноттор | 100, 200 байз, ½, 1, 5, 10, 20, 50 риал | |
| Тарыхы | ||
| Киргизилди | 1974-жыл март | |
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | ||
| Эмиссиялык борбор | Омандын борбордук банкы | |
| www.cbo.gov.om | ||
| Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн | ||
| 1 KGS | = 0,005999 OMR | |
| 1 USD | = 0,3845 OMR | |
| 1 EUR | = 0,4064 OMR | |
| 1 GBP | = 0,5623 OMR | |
| 1 JPY | = 0,003191 OMR | |
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | ||
| 2023-жылдык инфляция | ||
| Инфляция | 0,8 % (август)[1] | |
Оман риялы — Оман султандыгынын расмий акча бирдиги. ISO 4217 стандарты боюнча тамга коду — OMR, сандык коду — 512. Расмий белгиси — ر.ع, эмитенти — Омандын Борбордук банкы. Бир оман риалы 1000 байзадан турат.
Оман риялы 1974-жылдын март айында сауд риалынын ордуна 1:1 курсунда киргизилген. Башында эмиссияны Оман валюталык кеңеши жүргүзсө, кийин бул функциялар Оман Борбордук банкынын карамагына өткөрүлгөн.
Жүгүртүүдө 100 жана 200 байздык, ¼, ½, 1, 5, 10 жана 50 риал номиналындагы банкноттор, ошондой эле 5, 10, 25, 50 жана 100 байза номиналындагы монеталар бар.
Банкноттордун бир бетиндеги жазуулар жана сандар англисче, ал эми экинчи бетиндегилери арабча берилет. Монеталарда англисче жазуулар жана сандар колдонулбайт.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1940-жылга чейин Индия рупийи жана Мария Терезиянын талери Маскат жана Оман аймактарында колдонулган негизги акча бирдиктери болгон. Ал кезде өлкө Маскат жана Оман султандыгы деп аталган. Жээкке жакын жайгашкан аймактарында индия рупийи, ички аймактарында талер колдонулган. Мария Терезия талеринин наркы 230 паиса деп бааланган, ал эми индия рупийинин наркы 64 паиса барабар деп бааланган[2][3].
1940-жылы Дофардын аймагында колдонуу үчүнмонеталар киргизилип, кийин 1946-жылы Оман үчүн өзүнчө монеталар чыгарылган. Эки аймактагы тең тыйындар байза менен эсептелген жана 1 риял 200 байзага барабар болгон. Ошол эле мезгилде индия рупийи жана 1959-жылдан тартып Перс булуңунун рупийи да жүгүртүүдө болгон. 1966-жылдын 6-июнунда Индия Перс булуңунун рупийин индия рупийине салыштырмалуу девальвациялаган. Девальвациядан кийин бул валютаны колдонуп келген бир нече мамлекет өз акча бирдиктерин киргизген[3]. Оман болсо 1970-жылга чейин Перс булуңу рупийин фунттун мурдагы курсуна байлап колдонуп келген. 1970-жылы Оман өз аймагында сауд риалын мыйзамдуу акча бирдиги катары бекиткен[4].
1970-жылдын 7-майында сауд риалы Омандын жаңы акча бирдиги катары кабыл алынып, Перс булуңунун рупийин алмаштырган. 1972-жылдын 11-ноябрында оман риалы сауд риалын 1:1 курсу менен толук алмаштырган[3].
Монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1975-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| 1973-жылдагы султан Кабустун сериясы | ||||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Диаметр
(мм) |
Салмагы
(г) |
Материал | Сүрөттөөмөсү | |||||
| Аверс | Реверс | Кыры
(гурт) |
Аверс | Реверс | Чыгарылгын | |||||
| 5 байза | 19 | 3,11 | Коло | жылмакай | Улуттук эмблема, султан Кабус бен Саид | Араб сандары менен белгиленген номинал, чыгарылган жылы | 1975 | |||
| 2,65 | Жез менен капталган болот | 1999 | ||||||||
| 10 байза | 22.5 | 4,76 | Коло | 1975 | ||||||
| 4,1 | Жез менен капталган болот | 1999 | ||||||||
| 25 байза | 18 | 3 | Жез-никель | камыш сыяктуу | 1975 | |||||
| 2,63 | Никель менен капталган болот | 2008 | ||||||||
| 50 байза | 24 | 6,4 | Жез-никель | 1975 | ||||||
| 5,57 | Никель менен капталган болот | 2008 | ||||||||
| 100 байза | 21.5 | 4,20 | Жез-никель | Улуттук эмблема, султан Кабус бен Саид | Омандын Борбордук банкы жана номиналы | 1984 | ||||
| 1⁄4 риал | 26 | 6,5 | Алюминий, коло | кесикче | 1979 | |||||
| 1⁄2 риал | 30 | 10 | Reeded | |||||||
1920-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| 1920-жылдагы султан Хейсамдын сериясы | ||||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Диаметр
(мм) |
Салмагы
(г) |
Материал | Сүрөттөөмөсү | |||||
| Аверс | Реверс | Кыры
(гурт) |
Аверс | Реверс | Чыгарылгын | |||||
| 5 байза | 19 | 2.64 | Жез менен капталган болот | жылмакай | Улуттук эмблема, султан Хейсам бен Тари | Араб жана сандары менен белгиленген номинал, чыгарылган жылы | 2020 | |||
| 10 байза | 22.5 | 4.08 | ||||||||
| 25 байза | 18 | 2.65 | Цинк капталган болот | камыш сыяктуу | ||||||
| 50 байза | 24 | 5.55 | ||||||||
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1973-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1977-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1985-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1995-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| 1995-жылдагы серия | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) | Түсү | Сүрөттөөмөсү | Басып чыгарылгын датасы | |||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | Суу белгиси | ||||
| 100 байз | 120×65 | жашыл | Султан Кабус бен Саид, сугат каналы | Бүркүт жана ак орикс | 1995 | |||
| 200 байз | 130×65 | жашыл | Балык чарбасы жана деңиз илимдери борбору, Маскаттагы Кабус порту | |||||
| 1/2 риал | 135×65 | күрөң, кызгылт көк | Султан Кабус бен Саид, Бахла чеби | Аль-Хазим форту, Нахале форту | Султан Кабус бен Саид | |||
| 1 риал | 145×75 | кызгылт көк | Султан Кабус бен Саид, Султан Кабустун спорт комплекси | Риал Ханжар (канжар), күмүш билериктер жана зер буюмдар | ||||
| 5 риал | 155×75 | кызыл | Султан Кабус бен Саид, Султан Кабустун университети | Назва | ||||
| 10 риал | 160×75 | күрөң | Султан Кабус бен Саид, Аль-Нахда мунарасы | Муттра форту | ||||
| 20 риал | 165×75 | кочкул жашыл | Султан Кабус бен Саид, Омандын Борбордук банкынын имараты | Маскаттагы балуу кагаздар рыногу, Рысайл өнөр жай аймагы | ||||
| 50 риал | 175×75 | кызгылт көк | Султан Кабус бен Саид, Финансы жана Экономика министрлигинин имараты, Мирани форту | Министрлер кабинетинин жана соода жана өнөр жай министрлигинин имараты | ||||
2000-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| 2000-жылдагы серия | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) | Түсү | Сүрөттөөмөсү | Басып чыгарылгын датасы | |||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | Суу белгиси | ||||
| 5 риал | 155×75 | кызыл | Султан Кабус бен Саид, Султан Кабустун университети | Назва | 2000 | |||
| 10 риал | 160×75 | күрөң | Султан Кабус бен Саид, Аль-Нахда мунарасы | Муттра форту | ||||
| 20 риал | 165×75 | кочкул жашыл | Султан Кабус бен Саид, Омандын Борбордук банкынын имараты | Маскаттагы балуу кагаздар рыногу, Рысайл өнөр жай аймагы | ||||
| 50 риал | 175×75 | кызгылт көк | Султан Кабус бен Саид, Финансы жана Экономика министрлигинин имараты, Мирани форту | Министрлер кабинетинин жана соода жана өнөр жай министрлигинин имараты | ||||
2005-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| 2005-жылдагы серия | ||||||
|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) | Түсү | Сүрөттөөмөсү | ||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | |||
| 1 риал | 145×75 | кызгылт, кызгылт көк | Султан Кабус бен Саид | Омандын падышалык деңиз флотунун машыгуу кемеси, мунара, Жалали чеби | ||
2010-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| 2010-жылдагы серия | ||||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) | Түсү | Сүрөттөөмөсү | Басып чыгарылгын датасы | |||||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | Суу белгиси | ||||||
| 5 риал | 155×75 | күрөң | Султан Кабус бен Саид, Султан Кабустун университети | Назва | ||||||
| 10 риал | 160×75 | күрөң | Султан Кабус бен Саид, Аль-Нахда мунарасы | Муттра форту | ||||||
| 20 риал | 165×75 | жашыл | Султан Кабус бен Саид, Омандын Борбордук банкынын имараты | Маскаттагы балуу кагаздар рыногу, Рысайл өнөр жай аймагы | ||||||
| 50 риал | 175×75 | кызгылт, кызгылт көк | Султан Кабус бен Саид, Финансы жана Экономика министрлигинин имараты, Мирани форту | Соода жана өнөр жай министрлигини имаратындагы курулуш иштери боюнча кеңсеси | ||||||
2015-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| 2015-жылдагы серия | ||||||
|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) | Түсү | Сүрөттөөмөсү | ||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | |||
| 1 риал | 145×75 | кызгылт көк | Султан Кабус бен Саид, Аль-Алам сарайы | Чөл ак көпөлөктөри, Султан Кабустун университети | ||
2019-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| 2019-жылдагы серия | ||||||
|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) | Түсү | Сүрөттөөмөсү | ||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | |||
| 50 риал | 175×75 | кызгылт, кызгылт көк | Султан Кабус бен Саид, Финансы жана Экономика министрлигинин имараты | Соода жана өнөр жай министрлигини имаратындагы курулуш иштери боюнча кеңсеси | ||
2020-жылдагы серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| 2020-жылдагы серия[5] | ||||||
|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) | Түсү | Сүрөттөөмөсү | ||
| Аверс | Реверс | Аверс | Реверс | |||
| 100 байз | 120×65 | күрөң | Жебел-Ахдартеррасалары, улуттук эмблема | Кокос дарактары (Дофар), Фаладж Аль-Жила | ||
| 1/2 риал | 135×75 | жашыл | Айн Хор (Дофар), Ладан (Дофар), улуттук эмблема | Араб кабыланы (Дофар), шумкар | ||
| 1 риал | 145×75 | кызыл | Оман музейи (Ad Dakhiliyah), улуттук эмблема | Хасаб (Мусандам) сепили, Вади Аль-Айн (Ад-Дахира) күмбөзү, Джирз-акс (Мусандам), Оман канжары | ||
| 5 риал | 155×75 | кызгылт | Султан Кабустун университети, султан Хейсам бен Тарик Аль Саид | Падышалык опера театры | ||
| 10 риал | 160×75 | күрөң, жашыл | Чоң мечит, султан Хейсам бен Тарик Аль Саид | Аль-Балид археологиялык паркы, Увайна мечити | ||
| 20 риал | 165×75 | көк, кызгылт көк | Эл аралык аэропорт, султан Хейсам бен Тарик Аль Саид | Batinah Expressway, Сохар өнөр жай борбору, Salalah аэропорту | ||
| 50 риал | 175×75 | жашыл, боз | Омандын Борбордук банкынын имараты, султан Хейсам бен Тарик Аль Саид | Оманжын Жогорку сотунун имараты, Аль-Алам сарайы, парламенттин имараты | ||
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Statistics (англ.). Текшерилген күнү 20 -ноябрь (жетинин айы) 2025. Түп булактан архивделген күнү 18 -январь (үчтүн айы) 2021.
- ↑ Central Bank of Oman. Currency
- 1 2 3 Exchange Currency. Omani rial(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Currency of Oman: Omani rial, today's rate ر.ع.
- ↑ New Banknotes Go into Circulation Starting Today (en-US) (11 -январь (үчтүн айы) 2021).