Мазмунга өтүү

Оморов Нарбай

Википедия — ачык энциклопедия

Оморов Нарбай (1.1.1926, Сары-Булак айылы - 26.1.2012, Жаңы-Базар айылы) - Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, райондун ардактуу атуулу.

1943-ж. майданга чакырылып, 1945-ж.Берлинге туу сайгандардын катарында болгон. Согуштан кийин аскердик милдетин өтөөсүн улантып, Чаткалга 1950-ж.кайтып келген. 1950-жылдан райондук керек-жарак коомунун соода бөлүмүнүн башчысы, Кировка-жаңы-Базар жол курулушунда жол мастери, метеостанциянын кызматкери болуп иштеген.

“Ата Мекендик Согуш” ордени, “Эрдик үчүн”, ‘Терманияны жеңгендиги үчүн”, “Берлинди алгандыгы үчүн”, “Белоруссияны бошоткондугу үчүн”, “Маршал Жуков” медалдары ж. б. менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6