Омуров Таалайбек Дардайылович
Омуров Таалайбек Дардайылович [22. 5. 1957ж. туулган,Чүй облусу, Калинин (азыркы Жайыл) району, Кара-Суу айылы] – физика-математика илимдеринин доктору (2000), профессор (2004), КРдин билим берүүсүнүн отличниги (2003). КМУну (1979) бүтүргөн. КМУда окутуучу (1979–83), улук окутуучу (1983–87), доцент (1987–2004), кафедра башчысы (2010–11). 2010-жылдан КУУнун «Навье-Стокс» илимий-изилдөө борборунун директору. Табигый илимдеги корректтүү жана корректтүү эмес түз жана тескери коюлган математикалык маселелер, ошондой эле Навье-Стокс теңдемеси ж. б. боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 6 монография, 4 окуу куралы, 2 окуу китеби жарык көргөн жана 1 патенттин ээси. Эмгектери: Методы регуляризации интегральных уравнений Вольтерра первого и третьего рода. Б., 2003; Прямые и обратные задачи односкоростной теории переноса. Б., 2010; Нестационарная задача НавьеСтокса для жидкости с вязкостью. Б., 2011.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7